Кош бол, кош стандарттуулук!

Экс-президент статусун аныктаган мыйзам ушул жазда кабыл алынган. Анын талаптарына ылайык, өтө кежир Алмазбек Атамбаев деле эч “кыңк” этпей, СДПК лидерлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал эми “өткөөл учурдагы президент”– жалгыз гана экс-президент макамы сакталып калган! — деп аталып келе жаткан Роза Отунбаева соңку учурларда саясатка активдүү аралаша баштады. Мына, кечээ жакында эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бейформал жыйынына катышты. Сыягы, кан-жини, бок-сагы бүт аралашкан бул адамдар “эми биз мындан ары эмне болгон күндө да, бир чукурда, бир дөңдө чогуу бололук!” — дешип, жең ичинен өз ара бир ымалага келишсе керек. Бул эми алардын өз эрки. Ошентсе да, башка экс-президенттерге иштеген мыйзам Отунбаевага келгенде иштебей калабы? Дегеле, мыйзамды сыйлаганды, мыйзам баарына бирдей болушу керек дегенди, Кудайдан берилген теңдиктен кийинки эле, жалпы адамзат үчүн бирдей болгон теңдикти, цивилизациялуу принципти качан толук карманабыз?

Ал эми үч жылдан бери түрмөдө (болгондо да, башка зэктерге кошулбай, административдик корпустагы өз алдынча камерада!) жалгыз олтуруп, абдан бук болуп калган Өмүрбек Текебаев үй камагына бошотулар замат, карыган апам менен жолугушууга сот аркылуу уруксат алганмын деген шылтоо менен, түштүк аймакка барып, кийинки парламенттик шайлоо кампаниясынын “ызгаарын” өзү менен кошо ала баргандай болду. Сот карыган, оорулуу апасын сыйлап уруксат берген беле, же бул азыр деле чоң коррупциялык кылмыш ишине шектелип жүргөн саясатчыга “барып эл менен каалагандай жолугушуп, өзүң каалагандай пикирлериңди коомчулукка кеңири, эркин жайылта берсең болот!” — деп уруксат берген беле?

Текебаевди мурда соттолуп, бирок, сегиз жылдык мөөнөтүн Москвада эркиндикте бизнес кылуу менен “өтөп” жүргөн саясатчы Мелис Мырзакматов куттуктады. Анын эртеси Текебаев азыркы генпрокурор Өткүрбек Жамшитовдун атасы Ош шаарындагы Мырзакматов мэр учурунда салынган көпүрө боюнча айыпталган 19 кишинин катарында болуп, бирок кийин акталгандыгын жарыя кылып, Мырзакматов да акталышы керек деп билдирди. Асылбек Жамшитов болсо көпүрө боюнча өзүнүн айыпталганын биринчи жолу Текебаевден уккандай таасир калтырды.

Текебаевдин азыр мурдагы “зэктердин” көбүн Атамбаевдик бийлик тушунда саясий жактан куугунтукталган адамдар катары көрсөтүүгө умтулуп жатканы байкалууда. Арийне, өзү айтылуу карт бөрү-саясатчы Үсөн Сыдыковдой болуп, төңкөрүш жасоо аракети үчүн соттолбой, коррупция үчүн соттолгонуна өкүнөрүн айтууга да үлгүрдү. Толук акталууга ниети бар экендигин да ачык жарыялады. Дегинкисин, “Пенде ар нерсени каалай берет, бирок, ага жетеби, же жетпейби — Кудай өзү чечет” демекчи, азырынча толук акталууга шансы абдан аздай сезилет. Себеби, өзү айтмакчы, саясий айыптоолор боюнча олтуруп чыгып, акталганда эл алдындагы жүзү жарык болуп, рейтинги дагы бир кыйла көтөрүлмөк. Анын үстүнө, өзүнүн башкы оппоненти Алмазбек Атамбаев аңга түшүп, көптөгөн коррупциялык айыптоолордун торунан чыга албай жатканда!.. “Ата-Мекен” лидери эң эле оор, татаал жолду тандап алганы түшүнүктүү. Анткени, башка жол менен кетүү — ал үчүн өмүр бою аткарган саясий ишмердигин чийип салуу менен бирдей болмок. Эми Текебаев акыры аягында, абдан узакка созулган териштирүүлөрдөн соң, акталып чыккан күндө деле, жалпы эл арасында бери эле болгондо ага мурда коррупция боюнча айыптоолор тагылган адам катары мамиле жасалат. Шектүү саяатчылар тобуна кирет. Ага дагы бир кошумча — өтө зыяндуу кесепет, ансыз да ишеним азайып бара жаткан сотторго болгон ишенич дагы биротоло жоголот. Булар бир эле кылмыш үчүн өздөрү кааласа толук актап, каалабаса он жылга кесип деле жибере беришет турбайбы! — деген иренжиткен ойлор коомдо үстөмдүк кыла баштайт. Ошондой маанайдагы коомчулукта мыйзамга, укук коргоо органдарына, жалпы эле сот органдарына болгон ишеним, урматтоо сезими пайда болушу мүмкүнбү?

Соттук иштерге байланышкан дагы бир трагикомедиялуу жагдай жаралууда. “Убактылуулардын” аппарат жетекчиси болуп турган Эмил Каптагаев өзүн барымтага алуу кылмышы боюнча соттолгон Садыр Жапаровдун акталышын талап кылып, кыйла убактан бери ар кандай аракеттерди көрүп жүргөндүгү маалым. Кечээ жакында ал бул боюнча Генералдык прокурорго Кайрылуу жасады…

Улуу Антон Чеховдун мектепте башталгыч класстарда окутулуучу “Смерть чиновника” атуу хрестоматиялык чыгармасы эриксизден эске түшөт. Кыска сюжети: кичирээк бир бүжүрөгөн чиновник театрда алдыңкы катарда олтурган өзүнө карагнда чоң кызматтагы адамдын желкесине байкабастан катуу чүчкүрүп алып, андан кийин өзүнүн жасаган иши үчүн көпкө чейин өкүнүп, эсин жоготуп, катуу кайгыга батып, чоң чиновниктен улам кайра-кайра жалдырап кечирим сурай берип жадатат. Акырында кечирим сураганы үйүндө эс алып жатканда барса, чоңу “Мени абдан жадаттың! Бар, жоголчу!” — деп ашата сөгүп, полду кыжырдана, катуу тээп жибергенде, корккондон жүрөгү тарс жарылып кетет. Үйүнө араң сүйрөлүп жетип, жаткан бойдон эле жан берет… Каптагаевдин улам-улам “кечирим сурагандай” абалда калган аракеттери эмне менен аяктайт экен деп, азыр жалпы коомчулук абдан кызыгуу менен көз салууда…

Каптагаев көлдүк жердештеринин жек көрүүсүнө кабылуудан коркуп, кеч болсо да Жапаровдун таасирдүү электоратына жагынууга умтулганы түшүнүктүү. Ал эми Садыр Жапаров эрки күчтүү саясатчы экендигин далилдөөдө. Ал кез-кезде жасаган билдирүүлөр, ата-энесинин, уулунун өлүмү сыяктуу жамандыктар биринин артынан бири келсе да, оңой менен майышпай турган инсан экендигин көрсөтүп турат. Айрым булактардын берген маалыматтарына караганда, Жапаровдун түрмөдө өз өмүрүнө өзү кол салды деген, колдорун, тамагын өзү кескилеген деген окуя да абдан сырдуу болгон: аны өлтүрүүгө кызыкдар адамдар болсо керек. Бирок, дал ошол кескилеп жатышкан маалда — таң эртең менен түрмөдө намаз окууга турган эркинен ажыраган адамдардын тобу муну көрүп калышып, арачалап калышкан деген кеп бар!..

Узактан бери коомчулукта иши сындала берип, буга өзү жедеп бышы кулак болуп бүткөн, акырында, ал тургай, ката үчүн сындагандарды: эми эки ката кетсе эмне болуптур?! — деп, өтө “жүйөөлүү аргументи” менен кайра жөөлөй баштаган Гүлмира Кудайбердиева да акыры отставкага кетти. Эл аралык маанидеги, чет өлкөлүк абройлуу коноктор алдында жалпы Кыргызстанды жер каратып, жалпы элди абдан катуу уят кылган билим чөйрөсүн башкарган министрликтин чыныгы деңгээлин көрсөтүп, билим министрлигинин баннериндеги (!) каталар окуу китептеринде эбак эле көнүмүш көрүнүшкө айланган. Дагы жакшы, муну чет өлкөлүктөр биле беришпейт. Болбосо, Кыргызстандыктар өз балдарын сабатсыз гана эмес, мааниси жагынан да туура эмес маалыматтарга толгон окуу китептери аркылуу билим беришет экен деп, эл аралык деңгээлде шылдың болмокпуз!

Экс-министрдин деңгээли эки тамга эмес — бир эле тамгадан, ал тургай үтүрдөн улам сөз мааниси такыр тескери жагына бурулуп кетерине жетпейт экен. Тээ сенектик деп аталган доордо, гезиттердин баары ийне-жибине чейин лупа менен окулган заманда, кайсыл бир гезиттин “Урматтуу коноктор!” — дегени (же, азыркыча айтканда, гезиттеги “баннери”) бир тамгалык катанын айынан жалпы коомчулукту уят кылган дүрбөлөң салганын азыр улуу муундун анча-мынча өкүлдөрү гана билишет. Ал эми кайра куруу башталарга жакын, “Вечерний Бишкек” гезити ал кезде дүйнөлүк аба-ырайын аныктаган эки супердержаванын биринин жетекчиси — Генералдык секретарь Леонид Брежневди “Председатель” дегендин ордуна, “предатель” деп ката кетирип алып, мунусу бүт саясий системага каршы душмандык, идеологиялык диверсия катары айыпталып, акыры көп мыкты журналисттер жумушунан куулушуп, партиялык сөгүш алышып, жазаланышкан!.. Бул ал кездеги жеңил жаза болчу. Андан бар болгону жыйырма жылча мурда болгондо, алар түрмөдө олтурушмак!..

Арийне, эрке министр айым жөн кетпей, артынан булайып чыгып калган булганыч издерди калтырып кетти. Депутат Рыскелди Момбековдун айтымында, өтө “билимдүү” билим министри ишиндеги кемчилдиктер үчүн эмес эле, окуу китептерин чыгаруудагы тендер боюнча кетүүгө мажбур болуптур. Демек, Гүлмира Кудайбердиева кызматтан кетиши менен эле коңулга кирип, дайынсыз жок болуп кетпейт. Анын ысымы жана ишмердиги дагы далайга чейин коомчулукта чуулгандуу боло берет!

Эл аралык маанидеги, чет өлкөлүк абройлуу коноктор алдында жалпы Кыргызстанды жер каратып, жалпы элди абдан катуу уят кылган билим чөйрөсүн башкарган министрликтин чыныгы деңгээлин көрсөтүп, билим министрлигинин баннериндеги (!) каталарга уялып калып, дароо кечирим суроонун ордуна, бул ката боюнча суроо берген журналисттерди айылдык урушчаак, ажаан аялдардан бетер, беттен алгандай эле мамиле жасады. Бул жоругу менен бир кезде ушундай эле чуулгандуу “атак-даңкка” ээ болгон, азыр биротоло унутула баштаган мурдагы бир министрди эске салды. Ал үчүн жер карадык дешип, Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгында Казакстанда жүргөн кыргыздар Интернет айдыңында жазып чыгышканы маалым.

Азыркы жетекчилик, өкмөт бир жагынан: биз маданиятты, тарыхты, элдин жашоо деңгээлин көтөрөбүз дешет да, экинчи жагынан бул идеяга маани-маңызы такыр карама-каршы келген чечимдерди кабыл ала берет. “Манас” академиясы боюнча да ушундай жагымсыз ассоциация жаралат. Илгери бийлик куугунтугуна кабылган улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековго жакын жолдош болумуш этип, жанынан чыкпай, анын айткандарын эч калтырбай жазып алып, ошол замат бийликтегилерге жеткирип жүргөн бир жазмакер тууралуу мындай бир анекдот чыккан: Аалы Токтомбаев бир маймылды жазуучу кылып жүрдү эле, бирок анысы кийин жазуучу болбой эле шпион болуп кетти деп!…

Азыр саясатчы жана оппозиционер болбой эле, бийчилик адистигине такыр коошпосо да, жаңы ачылган “Манастаануу” академиясын жетектеп, “манастаануучу” болуп кеткен Топчубек Тургуналиев “Манастаануу” академиясын биротоло талкалаары шексиз. Сыягы, азыркы кээ бир көпкөн чоңдор, бизнесмендер жеке өздөрү үчүн сулуулардын, ырчылардын жабык конкурсун уюштурган сымал, бийликтеги жогорку эшелондогулар үчүн, атайын жабык залда чимирилип, абдан сонун бийлеп берсе керек!

Алдыда улам жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолордо кызылкулактык менен колдонулуучу “аялдар квотасы”, “жаштар квотасы”, “майда улуттар квотасы” деген сыяктуу жылчыктарды амалкөйлүк менен пайдаланууга ашыккандар арбын болушары күтүлүүдө. Айрымдары билим-интеллектуалдык көрөңгө дегенди мындай кой, элементардык сабаттуулук талаптарына жооп бербесе да, “өзүбүздүн кызыбыз” деген “графа” алдында, же “соодагер даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт” демекчи, — эптеп депутаттык мандатка жетет.

Ширин Айтматова депутат кезинде артында дурусураак из калтырмак турсун, жок дегенде эки ооз куру сөзү менен да элдин эсинде калган жок. Соңку учурларда “коррупция менен күрөшмөкчүмүн” дегендердин алдыңы сабына чыгууга абдан жан үрөгөнү байкалууда. Жанар Акаев парламентке жаңыча ойлонгон “жаштар тобун” алып келишибиз керек деп, жандалбастай кыйкырып жүрөт… Шайлоого чоң финансылык каражат жумшаларын эске алсак, сыягы “жаңыча ойлонгон” жаштарды да эптеп өткөрүп алып, өз кызыкчылыктарында марионеткалардай пайдаланууга кызыкдар күчтөр бардыгы күмөн туудурбайт.

Мамлекеттүүлүгүбүз орногонуна 2200 жылдан ашып кетти деген аныктаманы Кытайга барып келип, андан ары дагы беш жүз жылга жылдырган Кыяс Молдокасымов (дүжүр-тарыхчы катары таанылып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин генеалогиясын “иликтеген”), азыр “костюмун түрткөн курсагын калыбына келтирүү” далалатында жүрүптүр. Соңку кезде багбанга айланып, бул тармактын кирешеси жана сырлары тууралуу бир топ дурус — дээрлик адис катары божураганга жарап калды.

Кайран гана байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгү, байыркы кыргыз эли! Өткөөл доордо чаласабат, деңгээли төмөн, чоң саясатка жана мамлекеттик жогорку кызматка кокусунан гана аралашкандарга күнү түшүп калды!..

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *