Кожобек Рыспаев, депутат: ТЭЦтеги чындыкка акыры жетебиз…

«Камбар-Ата-2» ГЭСинде авария эмес, ылай толуп, суу айланбай калыптыр»

– «Камбар-Ата-2» ГЭСинде иш убактылуу токтотулду» деп коомчулук чуручуу түшүп жатып калышты. Айланайын, авария менен ылай толуп, суу айланбай калгандын айырмасын билесиңерби? Ал жерде капиталдык ремонт таптакыр жүргөн эмес экен. 2010-жылдан бери араң эми биринчи жолу ремонттоп жатышыптыр. ГЭСте 33 күн капиталдык ремонт жүрдү. Сууну жаап коюп, маховикти алып чыгып, ичин тазалашат. Сууну кайра жибергенде, гидроагрегат баткакка толуп калгандыктан, айланбай, суу чыкпай калган. Азыр ошону тазалап жатышат. Тазалоо үчүн иш токтойт. Муну «авария» дебегиле. Техника сынса, жарылуу болсо авария болот.

«Күнөе ТВЕАда эмес, өзүбүздө»

– Шейшемби күнү депутаттар ТЭЦти барып көрүп келдик. «ТВЕА Кыргызстанга 70 млн.доллар төлөп берсин» дегенден биринчи, «модернизацияга кетти» делген 386 млн. доллардын кандай ипггетилгенин, ага күнөөлүүлөрдү, жол берген адамдарды таап, аныгына жетиш керекпиз. Учурда ал боюнча бир топ адам сурак берип жатат. Тергөө амалдары бүтүп, кимдер күнөөлүү, модернизация канча акчага турган, кан-часын кимдер бөлүп алышканы билинсин. Коомчулукта «модернизация 150 млн. долларга эле бүтмөк экен» деген сөздөр чыкты. ТЭЦтеги чуулгандуу иш комитетте далай каралып, ачуу сындар айтылып, бирок өткөргөнбүз. Кечээ деле көрүп келдик, жаңы химцех бүтүптүр. Мурда ал жок эле, ошон үчүн авария чыккан. Мындай караганда, сырткы материалдар бүт эле Кыргызстандан алынганы көрүнүп турат. А бирок ошончо кымбатка салынганы кызык иш. Эми муну көз карандысыз эксперттер далилдесин, юридикалык жактан мойнуна коюлсун. ТВЕА деле жөн жатпайт. Эл аралык сотко бериши ыктымал. Менин оюмча, өзүбүздөн  кеткен. Бирок, эч ким мойнуна албайт экен. Чындыкка акыры жетүүгө ишенич бар.

«Жамангулов айлыгын 80 пайызга кыскартып, үлгү болуптур»

– Туура, кээ бир мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин маянасы оозду ачырат. «Мегакомдуку» 20 миң, 12-13 миң доллар айлык алат экен» деп жатышты эле, Акылбек Жамангулов барып, айлыгын 80 пайызга кыскартып салып, чоң үлгү көрсөттү. «Эйр-Кыргызстандын» директору 800 миң сом алат экен» деп жатасыңар. Ошол эле ишкана банкротко учураптыр. Негизи, ар бир патриот адам өзү ойлонуш керек. Эгер мең кайсы бир тармакты жетектеп турсам, ошончо көп айлык акы алсам, ошол тармак банкротко кетип жатса, анда мен аракетти биринчи өзүмдөн баштамакмын. Албетте, айлыгын азайтып, тармакты банкроттон сактап кала албайт. Бирок, коомчулукта мындай сөздөр болмок эмес.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *