КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

Бүгүн, 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү. Бул тууралу КР Президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты, эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *