Кризистен кутула албайбызбы? Эксперт – Кыргызстандагы өнүгүү абалынын багыттары жөнүндө акыл калчады

КРнын саясый илимдеринин доктору, 3-класстагы мамкызматтын кеңешчиси Азамат Темиркулов 2020-жылы октябрда өтчү парламенттик шайлоонун алдында КР президенти менен Жогорку Кеңештин депуттарына ачык кат жолдоду. Бул катта жакынкы арада Кыргызстан туш боло турган маселелерге акыл калчанып, өнүгүүнүн эки жолу айтылат.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин урматтуу депутаттары!

Алдыдагы 5 жылдагы Кыргызстан жана анын жетекчилери катары жеке Сиздер төмөнкү көйгөйгө туш болосуздар.

Биринчиден, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал начарлайт. ЕАЭБдин алкагындагы атандашуунун натыйжасында көптөгөн атамекендик ишкерлер коңшулардын ири өндүрүшчүлөрүнө туруштук бере албай калат, өзгөчө бул фермерлерге тиешелүү. Кийим тигүү өнөр жайы төмөндөгөндөн төмөндөп барат. Биздин Ички дүң продукт жылына болгону 4%ды түзөт, бул өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн жетишсиз (Өзбекстанда 5,8%, Түрмөнстанда 6%, ал эми Тажикстанда 7%). Өзүңөр билгендей, мындан да силер бийликте турган учурда мамлекеттик карыздар боюнча төлөмдөрдүн туу чокусу 2023-жылга туш болот. Азыр төлөмдөр жылына 200 млн долларды түзүп жатса, туу чокусуна чыкканда 300 млн долларды түзүп калат. Бул Кыргызстандын бүджети менен экономикасына оор жүк болот. Бүгүнкү байкалган Ички дүң продуктунун 4 % болушу жетишсиз, тышкы карызды төлөө 50%га көбөйүп, абалыбызды кыйла кыйнап коет. Мына ушундай факторлор өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасир берет.

Экинчиден, 28 жылдан бери топтолуп келе жаткан улуттук коопсуздук тармагындагы көйгөйлөр курчуйт. Өлкөнүн түштүк облусундагы массалык миграция опурталдуу аймактарда калктын санын азайтып койду. Коңшулар тараптан билинбей жылып келе жаткан миграция чегарадагы чыңалууну ого бетер курчутуп келет. Тилекке каршы, бул тенденция курчуй берчүдөй. 2020-жылы жана андан кийинки жылдарда чегара тарыхында араздашуу да кыл учунда болот. Анткени Тажикстан 2020-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун босогосунда турат, бул  коңшу өлкөнүн ички иштеринде туруксуз кырдаал түзүлүшүнө алып келиши да мүмкүн. Ошондой кырдаалда Тажикстан бийлиги нааразы болгон калктын көңүлүн алаксытуу үчүн коңшулар менен кыжыңдашууга баруудан кайра тартпайт.

Үчүнчүдөн, мамлекеттик башкаруу сапатынын төмөндөө тендециясы өз туу чокусуна жетет. Советтер Союзунда эле түзүлгөн мамлекеттик кызмат 28 жылдын аралыгында бардык тармакты камтыган коррупция менен жердешчиликтин айынан талкаланды. Бийик жетекчилик кызматтарга эч кандай сиңирген эмгеги болбой, мамкызматтагы тажрыйбасы болбой дайындалып келет. Көпчүлүк бычакка сап кадрлар эл аралык уюмдар менен долбоорлорго кетип калышты. Институициялык эстутум менен тажрыйба бөлүшүү практикасы 2000-жылдары пенсияга чыккандар менен кошо кетти. Азыркы тапта мамкызматтарга тажрыйбасы жок жаштар келип жатат, эң коркунучтуусу – алар келгенден кийин мамлекеттик башкаруудагы жетиштүү тажрыйбасы, билим даражасы жок ортоңку жана жогорку катмардагы жетекчилерге туш болушууда. Бийлик институтунда жеке өз бизнесин коргогонду максат кылган жарандардын ири армиясы, ошондой эле патриоттулук жөнүндө бардыгынан катуу кыйкырып, бирок мамлекет түзүлүшү тууралуу адистик көз карашы болбогон жарандар калыптанып калды. Мындай кырдаал жогоруда айтылган кризис учурларында мамлекеттик башкарууга терс таасирин гана берет. Компетентсиз чечимдер менен аларды аткаруу абалды ого бетер курчутуп жибериши мүмкүн.

Жогоруда айтылып, 28 жылдын ичинде чогулган көйгөйлөр дал ушул Сиздердин башкаруу учуруңуздарда курчуй тургандай болуп калды. Кийинки беш жылда улуттук коопсуздук тармагындагы коркунучтар социалдык-экономикалык кыйын кырдаалда жана компетентсиз мамлекет башкарууда өлкөдө жарылып кетчүдөй жагдайды түзүп коюшу толук мүмкүн. Кийинки окуялар эки багыттын бири менен өнүкчүдөй болуп турат.
Терс багыт

2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо иштеп жаткан мыйзамдар менен өтөт. 9%дык босогону колунда каржы булагы бар партиялар гана өтө алышы талашсыз, алар катарына сөзсүз ири бизнесмендерди кошуп киришет, аларда акча да, бизнести башкаруу тажрыйбасы да жетиштүү, бирок макроэкономикада, мамбашкарууда, коопсуздукта жана саясатта алардын билими да, тажрыйбасы да жетиштүү эмес. Бийик босогону аттап өтүү үчүн саясый партиялар коалиция түзүп, кеңейе башташат дечи, бирок алар бир идеологиянын жана өнүгүү программасынын айланасында биригишпейт (анткени формалдуу түрдө гана баш кошушкан), аларды кээ бир топтордун кызыкчылыгы бириктирген болот. Ошентип, Жогорку Кеңеште мамлекетти башкаруудагы компетенциясы эң төмөн депутаттык курам калыптанат. Мындан тышкары ЖКнын репрезентативдүүлүгү да өтө кууш, анткени көптөгөн саясый партиялар 9%дык босогону аттай албай, парламенттин сыртында калган. Парламент калктын кууш бөлүгүнүн кызыкчылыгын гана коргогондуктан, элдин нааразычылыгы күчөй берет, буга социалдык-экономикалык начар абал, туура эмес чечимдер, ошондой эле улуттук коопсуздук көйгөйлөрү кошул-ташыл болуп жатып калат. Алсыз Жогорку Кеңеш компетентсиз өкмөттү түзөт, андай өкмөт жогоруда айтылган көйгөйлөр боюнча экономикада, коопсуздукта, мамбашкарууда адекваттуу чечим кабыл алганга чамасы чак болуп калат. Натыйжада түштүктөгү чегарабыздын кээ бир тилкелеринде башаламандык башталат, тышкы карызды төлөө маселеси чыгат, калк жакырданат, мамлекеттик башкарууну паралич ээлеп, саясый кризиске алып келип такайт, ал өз кезегинде бүтүндөй мамлекетти коллапска, туңгуюкка кептеп коюшу мүмкүн.

Оң багыт

2020-жылы Жогорку Кеңешке шалйоо жаңы эрежелер менен өтүп, босого 5%га түшөт, ачык тизмелер боюнча преференциалдык добуш берүү болот. Электораттын талабына жооп берип жатып, саясый партиялар тизмесине окумуштууларды, юристтерди, аскер кишилерин жана башка интеллигенция өкүлдөрүн киргизе башташат. ЖКга мамлекеттик көйгөлөр жана аларды чечүү жөнүндө түшүнүгү бар талапкерлердин кайсыл бир пайызы келет. Жаңы чакырылыштын сапаттуу курамы колунан иш келген өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, андай өкмөт социалдык-экономикалык, коопсуздук жана мамбашкаруу тармактарында жогоруда келтирилген маселелерди адекваттуу чече ала турган болот. Парламент шайлоочулардын негизги бөлүгүн камтый алат, анткени партиялар 5%дык босогону аттап, көчөдө калышпады. Салыштырмалуу түрдө калктын бийликке болгон ишеними артып, дестабилдештирүү тобокелчилигин төмөндөтөт. Кыргызстан жана анын менен бирге Сиздер да саясый кыл көпүрөдөн өтүү мезгилин ийгиликтүү аяктайсыңар.

Жогоруда айтылгандардан улам, парламенттин жаңы курамына мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүүдө жетиштүү деңгээли бар өкүлдөрдүн өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу абадай зарыл.

Ага кантип жетише алабыз? Төмөнкү үч нерсени аткара алсак гана:

шайлоо босогосун 5%га түшүрүү;

ачык тизме боюнча преференциалдуу добуш берүүнү киргизүү;

адилетүү, атаандаштык жана ачык шайлоону камсыз кылуу.

Бул сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн Сиздерде бардыгы бар: убакыт да, каражат да, адамдык ресурстар да. Болгону саясый эрк, Сиздердин эркиңер талап кылынат, ушуга байланыштуу буга биздин өлкөнүн келечеги жана 6 млн жарандын тагдыры көз каранды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Дүйнөдө 4 миңдей эл бар, бирок алардын 195и гана өз мамлекетине ээ. 40 млн күрддөр менен 20 млн уйгурлардын мисалында көрүп жатабыз, ХХI кылымда өз мамлекети жок элдер гана азап тартып, кемсинүүнүн кемесинде калып келет. Ал эми Биздин, өзүбүздүн Кыргыз мамлекетибиз – бул баа жеткиз мурас, аны бизге ата-бабаларыбыз калтырып кеткен, биз аны өз урпактарыбызга калтырабыз, дал ошол келечек балдарыбыз эркин жашап, өз өлкөсүндө өнүгө беришин тилейли. Мындан ары биз мамлекетибизди ач көз өзүмчүлдөр менен билими тайкы, бирок амбициясы аттын башындай жана өзүнө гана ишенген популисттерге бере албайбыз! Мындай терс көрүнүштөрдүн уландысы мамлекеттик аппараттын өзүн, аны менен бирге Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин жок болушуна гана алып келет. Мындай коркунучтардын реалдуулугун 2005-2010-жылдардагы окуялар далилдеп койду…

Азыр өлкө оор тандоонун алдында турат, биз бардыгыбыз, Сиздер биринчи кезекте, адилеттүү, таза адамдардын келиши үчүн колуңардан келгендин бардыгын жасоого милдеттүүсүңөр. Сиздер өлкөбүздүн гүлдөшүн жана бала-бакырабыздын татыктуу жашоосун каалайсыңар деп ойлойбуз. Мен Сиздердин 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чоң жоопкерчилик менен карап, туура чечим кабыл аласыңар деген ишенимим зор. Дал ошол чечимиңерден мамлекетибиз менен элибиздин тагдыры чечилет”.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: reporter.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *