КРнын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан буюмдарды өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол коюлду

Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышы жана уурдалышын алдын алуу максатында, КРнын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлгөн.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *