Крышасы тайыганда алдастаган Данияр Аттокуровго эмне жетишпейт?

АША учурунда тайрактап эрке талтаң болгон Данияр Аттокуров деген депутат бар. Кезегинде көзүн май басып, президенти “крышам” деп, Ысык-Көлдө өзү каалагандай жүрүп калган.

АШАга таянып, “Кумтөрдү” толук көзөмөлүнө алып, болуп көрбөгөндөй чөнтөгүн кампайтып, ага да ыраазы болбой, Ысык-Көлдү тегерете жарыяланган тендерлерди да бирин калбай, өзүнүн фирмаларына алып берип турган. Аларын го алды, бирок, ары карап бюджеттик акчаларды чөнтөккө шологону эми ачык чыга баштады.

Жакында эле укук коргоо органдары “коррупциялык иштерден келтирилген чыгымдарды мамлекеттик бюджетке котордук”- деп маалымат берген. Көрсө, дал ушул Д.Аттокуровго тиешелүү “Фаворит транс” аттуу фирма ушундай тендерден алган иштерин жасаганда, 3 миллион сомдон ашык акчаны жутуп жиберген экен. Анысы билинип калып, эми минтип кусуп, кайра бюджетке кайтарып берип, уят болуп турган маалы.

Эми учурунда каалагандай ичип-жеп тайраңдаган Данчик “саясий куугунтукка кабылдым”- деп мурунку кожоюндарына жетип барып, “мени кор кыла башташты” таризинде ыйлап, арманын айтып барганын узун кулак маамыттар айтып жатышат. АША деле айланасындагылардын мындай жегич-ичкич экенин эми билип, “жаңылыпмын” деп жакында четин чыгарымыш болбодубу. Ошон үчүн кыйратып деле Даниярга соорото турган эч нерсе айта албаптыр. Эмнеси болсо да, Данияр мырза ары-жак, бери-жактан колдоо издебестен, түз жүрсө иши оңолоор беле?

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *