КСДПчы депутат Дастан Бекешев соттоткон көзү азиз акын Темирлан Ормуков бүгүн лезвие менен курсагын кескилеп салды

Бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык милициясы көзү майып акын Темирлан Ормуковду суракка чакырып, ал барары менен абакка алуу чечими чыкканын айтышып, абактын кагаздарын толтура башташкан. Адвокаты жок болгонуна карабай, көзү азиз экенинен протоколдун текстин окуй албай турганын эске албай аны толтурулган протоколго кол коёсун деп кыйнашкан. Адилетсиздикке жаны кашайган акын лезвие менен курсагын кескилеп. суицид жасоого аракет кылган. Бул тууралу укук коргоочу Адил Турдукулов билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек алгач Темирлан Ормуков ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевди сындаган ыр жазып, суракка чакырылып жүргөн.

Кийин, 2016-жылы декабрда КСДПчы депутат Дастан Бекешев анын үстүнөн менин ар намысыма шек келтирди деп арыз жазып, кылмыш ишин козгоону талап кылган.

2017-жылы августта сот аны КСДПчы депутат Дастан Бекешевдин арызы боюнча абакка алуу чечимин чыгарып, бирок үй камагына калтырылган. Бүгүн болсо аны абакка алуу аракети болуп жатат.

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Дастан тугонгон шестерка экен. Эркек болбойсунбу? АШАга кошамат кылып бир азизди каматып. Майыптар, мындан кийин Дастанды шайлабагыла. Андан силерге пайда жок. Ал силерди коргобойт, СДПКнын кошоматчысы.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *