КСДПнын өкүлү Илмияновдун Москвада экендигин айтты

Икрамжан Илмиянов менен КСДП мүчөлөрү акыркы жолу жайында байланышкан. Мындай маалыматты партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.

“Илмиянов июнь айында апасын дарылатууга Москвага алып кеткен. Биз акыркы жолу сүрөтчү Азамат Жаналиев анын үстүнөн УКМКга арыз жазганда байланышканбыз. Ал ошондо Москвада экенин айткан. Негизи Илмиянов президенттик шайлоодон кийин партиялык иштерден алыстаган. Ал саясаттан чарчаганын айтып, эс ала тургандыгын билдирген”, –деди Кундуз Жолдубаева.

Кечээ 18- октябрда Жогорку Сот экс- президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата “жемкорлук” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сыртынан камака алган. Сот чечиминен соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Илмияновдун Кыргызстандан чыгып кеткенин айтып издөө жарыялады.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *