КТРК: Жайнак Үсөн уулу “Манасты ким тааныйт?” деп айткан эмес. Ырыс Окенова бирөөлөрдү телеге чыгарам деп ири көлөмдөгү каражат алганы тууралу имиштин чоо-жайы жакында белгилүү болот

Үстүбүздөгү жылда КР-нын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жетекчилиги тарабынан өндүрүлүп, чыгарылып жаткан берүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана анын көрүнүмдүүлүгүн арттыруу максатында ар-тараптуу чаралар көрүлүүдө. Кошумчалоо жана кайра иштеп чыгууну талап кылган берүүлөр кызуу талкууланып, алардын ички камтылышынан тарта визуалдык дэңгээлине чейин баа берилип келет. Мунун баардыгы адаттагы чыгармачылык иш процесси болуп саналат. Ушу сыяктуу эле шарттар Ырыс Окенова жана Дөөлөт Сыдыков тарабынан даярдалып жаткан “Ким макул?” телеберүүсүнө да тиешелүү.

Бүгүнкү пресс-конференцияда таратылган маалыматты биз – Ы. Окенованын жана анын жолдошу Д.Сыдыковдун дарегине КТРК жетекчилиги тарабынан айтылган иш-үстүндөгү эксертүүлөргө анын эмоцияга аралашкан гана өздүк пикирлери катары кабыл алабыз.

КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул айтылган пикирлерди чындыка дал келбегендигин маалымдайт.  Өзгөчө КТРК-нын жетекчилиги “Манасты тааныбайт” деген билдирүүсү негизсиз жана логикага дал келбейт. Себеби 2019-2020-жж. КТРКнын эфирдик торчосунда 6 (алты) “Манас тууралуу” дайыма чыгуучу теле жана радио берүүлөр даярдалып келет.

Ы. Окенова жана Д.Сыдыков тарабынан айтылган пикирлердин сөз маңызы 2019-жылдын  25-сентябрында “Коомдук биринчи каналдын” эфиринде орун алган “Манас атабыздын ысымы корголбой, кордолуп атат” деген темадагы “Ким макул?”  берүүсүнүн эфирден кийинки чыгарылыштын териштирүүсүндө болгон сөз тууралуу болуп жаткандай.

Ал териштирүүдө “Манас эпосу тууралуу” КРнын Мыйзамы толук ачылбай, ал Мыйзамда көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышы тууралуу толук суроолор берилбегендиги тууралуу сындоо иретинде пикирлер айтылган. Бүгүн бул сөздөр Ы.Окенова жана Д.Сыдыков тарабынан атайын тескерисинче бурмаланып коомчулукка таратылып, “Манастын” урпактарырын ички сезимдерин пайдалануу иретинде   айтылууда. Бул жолугушууда Ы.Океновадан тышкары КТРКнын башкы директорунун орун басары, “Маданият Тарых Тил” каналынын продюсери жана эфирдик режиссер болушкан жана өз калыстык сөзүн айтканганга даяр.

Тактай кетүүчү нерсе: “Ким макул?” телеберүүсү жабылууга бүгүн негиз жок жана КТРКнын жакынкы планында каралган эмес. Буга аталган берүүнү уюштурууга кетирген каражаттардын аз эместиги да бирден бир себеп.

КР-нын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы  кыргыз элинин мурасы болгон Улуу Манас эпосун колдонуу менен КТРКнын жетекчилигинен өч алуу максатында жалган маалыматты тараткан Ы.Окенованын жана Д.Сыдыковдун мындай иш аракеттерин терс баамдайт.

Бүгүнкү Ы.Окенованын пресс-конференциясы бир жагынан КТРКнын жетекчилигине кысым көрсөтүү аракети катары баамдаса да болот. Себеби Ы.Окенова тарабынан үчүнчү тараптардан чоң көлөмдөгү акча каражаттарын телеберүүгө (эфирдик планда жок берүүгө) чыгарам деген убада менен алгандыгы имиши жөнүндө маалыматынын негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жол берилбей келген. Бул окуянын чоо-жайы коомчулукка жакынкы арада белгилүү болот деп ишенебиз.

Мындан ары КТРК берүүлөрдүү даярдоодо ачык саясатын улантып жүргүзөт жана эң жогорку сапатка умтулат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *