КТРКнын жетекчилигине талапкерлердин бири талапкерлигин алып салды

КТРКнын жетекчисинин кызматына талапкерлердин бири Мирлан Самыйкожо өз талапкерлигин алы салды. Бул тууралуу байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Анын айтымында, Мирлан Самыйкожо талапкерлигин алганын ал өтө жаш болгондуктан, КТРК сыяктуу чоң мекемени башкарууга анын тажрыйбасы жетишпейт деп түшүндүргөн.

Муну менен, каналдын жетекчисинин кызматына эми жети талапкер калды.

КТРКнын жетекчилигине талапкер жогорку билими бар, жетекчилик кызматта беш жылдан кем эмес иштеген, мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, телевидение жана радио, өзгөчө телеканалдын ишмердүүлүгүнүн принциптери менен тааныш болушу керек.

Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлеши мүмкүн.

КТРКнын башкы жетекчиси төрт жылга шайланат.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *