Кубаныч Кадыров, экс-депутат: “Батукаев Атамбаевдин буйругу менен бошогонун кыргыз эли жакшы билет. Ал $15 млн пара алган”

-Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн кооптуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот” – деп жарыялаганы жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?

– Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө жазылып турат. “Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам алдында жана сотко бирдей жооп бериш керек”- деп жазылып турат. Ошондуктан Атамбаев да элдей эле жооп бериш керек. Ал биринчиден, өзүн экс-президент сезип жатса керек. Экинчиден, күнөөсү болгон үчүн коркуп келбей жатат. Үчүнчүдөн өзү арыз жазып берип катышпаймын десе, анын катышуусу жок сот болгонго мыйзам жол берет. Өзү убагында келбей качып кеткендерди сыртынан соттотуп жүрбөдү беле. Ал кууланып жатат, “ушинте берсем, менин катышуумсуз сот болот да, кийин эл алдына чыкканда мени катыштырбай соттоткон деп айтам” деп. Бирок, кандай аракет кылса да, Батукаев Атамбаевдин буйругу менен бошогонун кыргыз эли жакшы билет. Мындан тышкары Батукаевтин иши боюнча И.Илмияновду дагы сураш керек. Себеби аны Нарындан алып келе жатканда Токмоктон УБОПтун балдары кармаганда “шопур” бошоттурган. Ошондой эле Суйунбаевди дагы суракка алыш керек. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Батукаевден абдан кымбат белек алган.

– Эгер Батукаев акча үчүн чыгарылган болсо, анын чыгышы канча миллионго бааланган?

– Мурунку ИИМдин орун басары катары айтсам, мага жеткен оперативдүү маалыматтар боюнча, Батукаевдин чыгышы 15 миллион долларга бааланган. Атамбаев Батукаевден 15 миллион доллар алган. Мен бул маалыматты биринчи жолу айтып жаткан жокмун. Атамбаев президент кезинде эле айтчумун. Ошондо эч ким ишенген эмес.

– Атамбаевдин сотко катышуудан баш тартып, ачкачылык жарыялайм дегени өз укугун коргогонубу же саясатты башка нукка буруу аракетиби?

– Атамбаев куу, такымын жеген саясатчы. Ал бийлик тараптан күч колдонушун күтүп жатат. Анткени, аны сотко алып келүүгө күч колдонулса, дүйнөлүк мамлекеттердин жана элдин алдында укугу тебеленген адамдай көрүнүп, элдин көңүл борборуна алынат. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурат. Ага араачы түшчүлөр чыга баштайт. Ошон үчүн бийлик провокацияга алдырбай күнөөсү болгон үчүн сотко катышуудан баш тартып жатат деп элге жакшылап түшүндүрүшү керек. Каршылык катары ачкачылык кармаса өз иши. Ден-соолугун врачтар көзөмөлдөп турат. Бирок ачкачылык кармоого духу жетпесе керек, анын жаны абдан таттуу. Күнөөм ачыкка чыгып калат деп кооптонуп коркуп элди алаксытчу түрдүү ыкмаларды жасоого ашыгып жатат.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *