Кубанычбек Айбек уулу Дзюдо боюнча Европа кубогунда күмүш байге утуп алды

16-17-февраль күндөрү Россиянын Санкт-Петербург шаарында дзюдо боюнча жаштар арасында Европа кубогу болуп өттү. Анда 60 кг салмак ченинде Кубанычбек Айбек уулу финалга чейин жетип, күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу КР Дзюдо федерациясынын маалымат катчысы Акжибек Алтынбекова билдирди.

Кубанычбек Айбек уулу россиялык, белорустук жана польшалык атаандаштарын жеңип жарым финалга чыккан. Ал эми финалдык беттеште Айбек уулу үй ээси Россиялык Хетаг Басаевге 1-0 эсебинде жеңилип калган.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандан Дзюдо федерациянын жетекчиси Жолдошбек Көлбаев жана машыктыруучу Азамат Жасыбаев баштаган 9 спортчу барган. Анда Кубанычбек Айбек уулунан тышкары +100 кг салмакта Дастан Сарбатов менен 81 кг салмакта Адил Мырзаев жетинчи орунга жетишкен. Ал эми, 73 кг салмакта Айбек Керимкулов 9-орунга татыган.


Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *