Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: Энем каза болуп, бир жак капталым эңшерилип калды

Экс-вице спикер, коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун апасы Турушкан Исабекова 11 -майда бул дүйнө менен кош айтышып, келбес caпapга узап кетти. Эненин ордун эч ким жана эч нерсе толуктай албайт эмеспи. Маркум Турушкан апанын уулу Кубанычбек мырза төмөндө эскерет.

Менин энем

-Энем Турушкан 15 жашында атам Сатиндиге турмушка чыккан экен. 29 жашында өмүрлүк жолдошунан айрылып, жесир калган. Ошентип биз ата мээримин көрбөй чоңойдук. Бирок энем сыртта ата милдетин аткарып, үйдө мээримдүү эне боло алды. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп, оор турмушту жеңип өттү. Кабагым-кашым дебестен күнү-түнү эмгектенип жүрүп чоңойтту. Энем өмүр бою колхоздо иштеп, эмгегинин үзүрү кайтып, топтогон тажрыйбасынын негизинде айылдык кеңешке депутат болуп шайланды. Баарыбызды билим алууга үндөп, колунда сокур тыйыны жок экенине карабастан жогорку билим алуубузга шарт түздү. Энемдин ак эмгеги акталып, баарыбыз ардактуу кесип ээлери болдук. Эл арасында сый-урматка жетип, өз ордубузду таптык.

Келиндерине өз кызындай мамиле жасачу

-Келиндерине кайненелик кысым көрсөтмөк тургай, өйдө карап сүйлөгөн жок. Бирөөсүн дагы нааразы кылган жок. Үйүбүзгө кыз бала конокко келгенде, «кызым, турмуштун ысык-суугуна чыдап жаша. Жалгыз бой жашоо тирүүлүктүн тозогу» – деп тарбиялап, «Ээх, жесирдин жашоосу курусун» – деп оор үшкүрүп коер эле.

Энем өзгөчө мага, мен энеме жакын элем

-Жети баласынын ичинен энем мага, мен ага өзгөчө жакын элем. Окууну бүтүп, Украинага ага айтпастан окууга кетип калдым. Энем «кичинекейимди ким батырбай койду?» – деп көп убакыт боздоп ыйлаган экен. Аскердик окууда окуп, дайыма берцы өтүгүн кийип жүргөндүктөн, буттарым бычылып кетет. Каникулга чыгаар замат энем менен учурашып келүүгө жөнөйм. Энем, «балам, бутуң эмне болгон ыя» – деп көзүнүн жашын көл кылып, бутумдан өөп жиберген. Ошол көз ирмем ушул күнгө чейин көз алдымдан кетпейт.

Өкүнүч

-Өзүм шаардын чок ортосунда көп кабаттуу үйдө турам. Айылда өсүп-чоңойгондуктан, тегерек чети бакшак менен курчалган жер үйдө жашоону көп кыялдандым. Кыялымды ишке ашыруу максатында короо-жайы кенен үй салып жаткам. Ошол ак өргөмдүн босогосун, энем биринчи аттап, алакан жайып бата берсе – деп тилек кылган элем, ал тилегиме жетпей калдым. Мен өзүм Германияда дарыланып жүргөндө энем экинчи жолу инсульт алып, райондук ооруканага түшүп калган экен. Анан Бишкекке алып келдик. 22 күн комада жатып, өтүп кетти. Ошентип энем менен коштошо албай өксүп калдым. Германиядан энеме деп алып келген жоолук, көйнөгүм кийилбей калды. Мына ушундай өкүнүчтөр жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөм сыздап турат.

Энеме берген биринчи белегим

-Украинада окуп жүргөндө гезит беттерине макала жазып, кем-карчымды толуктап алчумун. Каникул жакындай баштаганда вагондорго көмүр ташып, айылга кете турган жол акысын даярдайм. Биринчи курсту аяктап жатып, Украинадан чоң энем менен өз энеме жакшы жоолук, кант, чай көтөрүп келдим. Энеме берген биринчи белегим ушу болду. Чоң энем менен энем кошулуп алып кубанычтын көз жашын төгүп ыйлашкан эле. Бул менин жашоомдогу эң бактылуу мүнөттөр болуп кала берди.

Мен эми жетим калдым

-Энем сексен төрт жашка чыкканда дүйнөдөн кайтты. Мен үчүн бул орду толгус жоготуу болду. Атам каза болгондо чоң энем, «Кайрат кылгыла, бир Сатиндим өлсө, артында жети Сатиндим турат. Кан жутуп турам, бирок ыйык аял заты, эне катары айтам, «энеси бар эрке жетим», энеңер тирүү, мен ошого шүгүр кылам. Сатиндим силерге эне берген мээримди төгө албайт эле. Эненин орду таптакыр башка» дегени кулагыма жаңырып турат. Чоң энемдин кайратына баа берип келем азыркыга чейин. Эми мен жетим калганымды сездим, түшүндүм. Энемди Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылына жерге бердик.

Нуркыз Бакасова

Булак: Ачык Саясат

 

1 ой-пикир

  • Рахмат,энениз жонундо аябай жакшы жазыпсыз,менин да ата ,энем эрте каза болушкан,мен азыр балдарым менен Санкт Петербургда иштеп журом,жумушка бара жатып,автобуста окуп,ыйлап бара жатам,омурунуз узун болсун!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *