Кубанычбек Кулматов, экс-мэр, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Бажы кызматынын экс-жетекчиси: “Мен бул жерде эмнеге отурганымды түшүнбөй жатам. Бул накта беспредел!”

Мындан бир жыл мурун 18-май күнү Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовго «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу 28-июнга чейин камакка алынган. Андан бери бир жыл өттү. Ал ортодо анын жактоочулары Кулматовго карата козголгон иш эч бир мыйзамга да, адилеттикке да дал келбей турганын, экс-мэрге карата козголгон иш кара чүпүрөккө ак жипти тиккендей эле атайылап козголгону, анын тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз экенин айта берип тилдери да тешилгендей болду. Ушу жуманын башында Бишкек шаардык сотунда дагы бир соттук отурум болуп өттү. Анда да адвокаттар үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүчүн келтиришти. Сот бул жолу да ал өтүнүчтөрдү четке какты. Ошол күнү сот залынан К. Кулматов: « Мени кандай негизде каралап жаткан «кылмыш иши» боюнча азыркыга чейин тааныша элекмин. Сиз ушундай иш менен күнөөлөнү жатасыз деп андай чечимди мага эч кимиси берген да жок. Бул прокурорлор менен соттордун жөндөмсүздүгү. Бул деген накта беспредел! Бул жерде мен эмнеге отурганымды түшүнбөй жатам» деген пикирин айтты. Ошону менен бирге эле тергөө учурларында бир да жолу сурак жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады. А чынында эле отурганына бир жыл болсо, эч кандай сурак да жүрбөсө, тергөө бүткөнүнө беш айдын жүзү болсо, күнөөлөнүп жаткан адам эмненин негизинде күнөөлүү болуп жатканы туурасында чечимди окуп көрбөсө К. Кулматов айткандай накта беспредел эмей эмне?

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *