Кубанычбек Кулматов, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы: “Өткөн жылдын соңунда Кытайдан арбын жүк келген, ошон үчүн бажы жыйымдары көбөйдү”

— Кубанычбек Кеңешович, жыл башында бажы жыйымдары көбөйгөнүн айттыңыз, албетте, жакшы көрүнүш. Ошол эле учурда коомчулукта таңгалуулар, ар кандай талкуулар жаралды. Буга кандай түшүндүрмө бересиз?

— Муну кандай айтсак болот?.. Биринчиден, жылдын аягында Кытайдан көбүрөөк жүк келди. Анан бажынын процедурасы бар да. Биз аны элге жеңилдеттик. Түшүндүрдүк. Эл менен жолугуп баштадык. Көп маселе билбегендиктен чыгат да. Элдин көбү мыйзамдарды билишпейт экен. Ушулардын баарын түшүндүрүп, алдын ала маалыматтарды бергенден кийин жылыш болду.

— Анда “коррупциялык көрүнүштөр жок” дейсизби?

— Бар. Азыр да бар, байкеси. Мен “жүз пайыз тазаладык” деп айталбайм. Бирок, азыр бизнесмендер менен сүйлөшүп, бүт шарттарын түзүп, кандай көйгөйлөрү болсо чечкенге аракет кылып жатабыз. Менимче, бажы менен бизнестин ортосунда өнөктөштүк мамиле болсо, коррупция өзүнөн өзү жоголот. Бажы кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүш керек. Он жети миң сом алышат, байкеси. Алардын деле үй-бүлөлөрү бар. Бир жумага, он күнгө сменге кетишет.

— Бирок, он жети миң сом алгандардын жашаган үйлөрүн караңызчы?  Минген машиналарычы?..

— Эми ар кандай да. Бирөөндө бар, бирөөндө жок. Мен бажыда иштеген канча балдарды билем. Кечинде чыгып, таксовать этишет. Андайлар да бар да.  “Бажычылардын баары эле жаман, коррупционер” деген туура эмес. Мен жөн эле сөздөрдү айпайм, мен билем аны. Мен борбордук бажыканда эле иштеген балдарды билем, кечинде чыгып, таксовать этишет. Бар, албетте, үйлөрү, тигиндей, мындай… Андайлар да бар. Андайларды эметебиз… ордуна коёбуз.

— Сыр болбосо, сиздин өзүңүздүн айлыгыңыз канча?

— 24 миң сом. Окладым 17 миң сом, калганы полковник наамы, эмгек стажым үчүн төлөнчү кошумчалар.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

 

 

1 ой-пикир

  • Тенизбай says:

    Кыргызстанга билимдин деле кереги жок окшойт, бул Кулматов дегенин озу тарых мугалими болсо анан кантип Бажычы болуп журот,прокуратурада 1 жыл иштебеген Аида,Индира ж.б.д.у.с.бардык системаны физик Акаев бузуп кетти, озунун лаборанттарын жогорку кызматка дайындай берип,чарбанын иши чатак иш деп Кыргыз бекринен айтпаган чыгаар…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *