Кубат Болотканов, коомдук ишмер: Ар кандай маселелер жаралган учурларда бекинип алып, бугум чыкканча ырдап алам

– Өзүн өзү таппай, жол таппай, өзүн керексиз сезген жаштарга кандай кеңешиңиз бар?

– Негизи жаш кезде тартынбай, ойлогондун баарын жасаганга аракет кыла берүү зарыл. «Жаңылып калам» деп коркпош керек. Жаш өтүп калганда жаңылуу оор, жаш кезде жаңылган эч нерсе болбойт. Изденип, урунуп-беринип жүрүп, 25 жашка чейин жолун таап кетсе болду.

Адам тандаган кесибинен, окуган окуусунан да жаңылышы мүмкүн. Анда да эч ойлонбой, кеч болуп кала электе өз жолун таап кетүүгө аракет кылыш шарт. Эң негизгиси, кийин жасап жаткан ишинен ырахат алгыдай, өзүн толук ача алгыдай болуш керек. Колдон келсе, бир мыкты адамдын мектебинен өтүп алууга аракет кылса да болот. Керек болсо бекер иштеп берип, ийгиликгүү адамдардан таалим алууга аракеттенүү мезгил талабы. Мен да жаш кезимде Каныбек Иманалиев агабыздын жардамчысы болуп иштеп, өтө чоң мектептен өттүм деп эсептейм. Кийин президенттин администрациясына барганда колдон келбеген иш жок сыяктуу сезилген. Ошонун баары Каныбек Капашевичтин мектебинен өткөндүгүмдүн жыйынтыгы да. Анан азыркы замандын талабына жараша орус, англис, керек болсо кытай тилдерин өздөштүрүп алууга аракет кылыш керек. Эч бир заманда билим керексиз болгон эмес, андыктан көп окуп, көптү билип алууга далалат кылууга үндөйт элем.

– Жакшы обондоруңуз бар. «Обон жүрөктөн чыкмайын, жүрөккө жетпейт» дейт. Мисалы, «Жар болдуң кимге сен жаңылып» деген ырыңыздын тагдырына токтолсонуз?

– Бул ырдын обону абитуриент кезде жаралган. Кийинчирээк сөзүн Каныбек Иманалиев агабыз жазып берген. Убагында Кыргыз эл артисти Роза Аманованын аткаруусунда элге кеңири тараган. Музыкасы кийин «комуз ремикс» деген ат менен телефон аппаратынын коңгуроосу катары да бир топ жыл колдонулуп жүрдү. Өспүрүм кезде, мектепте окуган маалдагы сезимдерге арналган ыр да.

– Тойлорго барганда, жакындарыңыздын арасында ырдап каласызбы?

– Эми ар кандай, ыңгайы келген жерде ырдап коём. Тойлорго барганда аккордеон болуп калса, бир-эки ыр ырдап берем. Конок келгенде же мейманга барганда деле ырдап коёбуз. А негизи, иштен чарчап, ар кандай маселелер жаралган учурларда өзүмчө бекинип алып, бир сааттан ашык ырдап, аккордеон ойноп алсам, кадимкидей жеңилдеп калам.

– Кара сөз менен чыгарма жаратууга кызыгууңуз барбы?

– Убагында Расул Гамзатовдун «Менин Дагестаным» деген китебин окуп алып, «мен да ушундай китеп жазам” дегем өзүмчө. Анда мектепте окуп жүргөн кез эле да. Кара сөз менен чыгарма жаратабызбы-жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын.

– Бала тарбиялоодо өзгөчөлөнгөн кандай принциптерди колдоносуз?

– Мен бул жагынан ата-бабадан келаткан салттуу тарбия берүүнү туура көрөм. Азыр баласын кагып же какыс-кукус кылып койсо, «баланын укугу» деп кайдагыны чыгаргандар пайда болду. Биз убагында тентектик кылып, мугалимдерден таяк жеп, аныбызды үйгө айтпай жүрүп эле чоңойгонбуз. Үйгө айтсак, үйдөн да таяк жечүбүз. Өткөндө бирөө баласын тээп койгону үчүн аны кызматтан алып, камап атышты. Кийин баласы чоңоюп, баарын түшүнгөндө, кандай акыбалда калат? Кыскасы, «бала деген баладай, башы көзү чарадай» болуп эле чоңоюшу керек. Мен болгону балама айрым маселени ортого салып, «кандай кылабыз?» деп сурап, чечим кабыл алуусуна шарт түзүүгө аракет кылам. Мектебине, курстарга, секцияларга баруусуна ыңгайлуу шарт түзүп бергем.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *