Кубатбек Боронов: “Медицина кызматкерлери кээ бир талаптарды так аткарбай, вирусту жуктуруп алып жатышат”

Медицина кызматкерлери кээ бир талаптарды так аткарбай, вирусту жуктуруп алып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Ош шаарындагы инфекциялык ооруканада иштеген дарыгер Умрадан келген кошунасынын үйүндө отуруп, вирусту жуктуруп алган. Андан кийин ал өзүнүн кесиптештерине жуктурган. Ооруну жуктурган дарыгер иштеген бөлүмдө 11 кызматкер бар”, – деди Боронов.

Учурда Кыргызстанда таажывирус илдетин 270 адам жуктуруп алган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *