Видео – Кубатбек Боронов: “Ысык-Көл облусунда жай айынын жана эс алуучулардын келиши менен илдет кескин көбөйдү”

Кыргызстанда 858 стационар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, стационарларды ачуу, орундуктардын санын көбөйтүү менен ал жерлерди дары-дармек, медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

Алардын ичинен 844ү күндүзгү стационар. Ал жерде жеңил же орточо оорулары бар адамдар кайрылышат. Ал эми түнкү стационар 13.

“Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны азайды, бирок региондордо абал оор бойдон калууда. Айта кетсек, бул Жалал-Абад облусу, Ош шаары жана Ысык-Көл облусу. Ысык-Көл облусун айта турган болсок, жайдын келиши, эс алуучулардын келиши менен ал жакта илдет кескин көбөйдү. 2020-жылдын июнь айында эс алуучулардын саны 3000 адамдын тегерегин түзө турган болсо, 20-июлга карата бул көрсөткүч 10 миң адамды түздү”, – деп кошумчалады ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *