Кубатбек Жусубалиев, КР Эл жазуучусу: “Дүйнөнү адам же идея башкарбайт. Адамды, адамзатын сүйүү башкарат”

Мен “корккон” киши менен маектешкенде

Редакциядан жазуучу Кубатбек Жусубалиевге жолугуп, маек куруп келүү мага тапшырылды. Бир эле “Муздак дубалдарын”  окудум эле, кандай болор экен деп бир аз тайсалдадым да, барууну чечип, таӊкы 10дордо жолго чыктым. Жошолу айыл өкмөтүнөн бир таксист “менин коӊшу айылымдан болот, жолдон түшүп 100 метрдей басасыӊ. Yйлөрдөн обочороок, тоонун бооруна жармашкан кызыл үй” деп түшүндүрдү. Гүлчөгө барып такси котордум. Кыргыз филологиясын  бүткөндөр чогуу чыгып калыппыз, жеткиче сүйлөшүп бардык.  Кердегейге келдик. “Кызыл тоонун бооруна кызыл кумдан там салган” дейт бу кишини. “Yйү тигине, бул талааны аралап бара бер, ийгилик” дешти да заматта узап кетишти. Дароо жалгыздай түштүм. Өтө чоӊ эмес бак-дарактар, шуулдаган теректер курчаган, кирпичтен мыкталып курулган өзгөчө үй экен кызыл үй. Жакындаганда бир жигит багына кирип кеткенинен, чыкса маанайын, сүйлөшөр-сүйлөшпөсүн сурап алайын деп күттүм. Анткени, жазуучу маанайы келишпесе сүйлөшпөй  коёт деп айтышканынан бир чоӊ редакция бир жумалык материалдарды пландап алып, мени күтүп жатышса,  сүйлөшпөй койсо кантем деп чын эле чочуладым. Ал жигит эшигинин алдына барып “аба, аба!” деп чакырып тура бергенинен башка коӊшусуна барсам, мени ээрчитип жөнөдү. “Бу киши жакында жылуу жактарга кетип калат, Жамбы деген кызы бар, ошол алып кетет. Элдин жакшылык-жамандыгына катышпайт, көӊүлү келбесе эч кимге сүйлөбөйт” деп эскертти. Эми ого бетер толкундандым, чочуладым. Элден башкача, бир кызык кишидей сезилди. Барып айтты да, кетип калды коӊшусу. Кол берип учурашты. Жанагы жигит да биздин алдыбызда колундагы табагын таштап чыгып баратыптыр. Заманбап салынган үйдүн алдындагы кичинекей сөрүдө мен “корккон” киши менен жалгыз калдым. Жыгач сөрү, жайылган  дасторкондо тоо балы, помидор, шабдалынын эки данеги анан баягы жигит алып келген үстү жабылган чоӊ  табак, 1-2 идиш, герань баштаган 5-6 гүл гүлдөп калыптыр. Алыстан келгенин билдирип, утуру салкын шамал айбанчага башын салган теректерди  аралап өтүп согуп турду. Өзүмдү тааныштырып, баарын айттым. Бир эле китебин окуганымды, дароо сөз баштап, ылайык суроо берүү кыйынга турганын, журналисттик көп тажрыйбам жоктугун, жаштыгымды, ылайык эмес суроо берип алсам таарынбашын да айттым.

“Чү” дегенде эле өзү тууралуу берген эки суроомо жооп бербеди. Бир топко күнгүрөнүп отура берди. Бир нерсе дээрин күттүм.

– Сен мени окуган эмес турбайсыӊбы. Көп окуш керек. Кийинки сурооӊду бер, – деди.

“Мен эч качан өкүнүчтүү иштерди кылганым жок”

Студент кезде “Муздак дубалдар” деген китебин бир жолу окуганымды айтсам, “эмнени түшүндүӊ?” дейт. Окурман алдын-ала даярданышы керектигин, даяр эмес убакта окуганымды, кайталап окууну максат кылып жүргөнүмдү айттым да, “адамзат өмүр жолунда максат коюп, бирок канча жашабасын, эмнелерди жасабасын ар бир адамда кандайдыр өкүнүч болот, сиз эч нерсеге өкүнбөйсүзбү?” деп суроо узаттым.  “Бул орундуу суроо” деди да, көпкө угулар-угулбас күнгүрөнүп отуруп, акырын сүйлөп, жооп бере баштады. Жанагы теректерге, шамалга суктанганым менен шуулдап сөздөрүн угузбай атканына тынчым кете баштады. Ойлонуп атканда тыптынч, шамал токтойт да, сүйлөп баштаганда шуулдап үнү угулбай калат. Yн жаздыргычым жарабай калды. Ар бир сөзүн укпай калбайын деп оозун тиктеп отуруп жазып жаттым.

– Эгерде, адам туура, так, таза жашаса, эч качан өкүнүч болбойт. Өкүнүчтүү иштерди кылбай жашоо – адамдын максаты. Мен эч качан өкүнүчтүү иштерди кылганым жок. Өкүнүчтүү иш кылбаш үчүн, өкүнбөш үчүн адам өзүн-өзү билиш керек, тааныш керек.  Өкүнүч өзүн-өзү тааныбагандыктан чыгат. Адам өзүн таанышы өтө кыйын. Таза жолго түшкөн киши эч качан өкүнбөйт. Турмуштун кыйындыгын жөн эле айтып койсом кургак сөз болуп калат. Мен сага өзүм жөнүндө айтып жатам.  Адамда улуу максат бирөө эле болот. Бу дүйнөгө эмне үчүн келгениӊди билиш керек. Адам ошону билиш үчүн жаралат. Ушул суроолорго жооп бериш керек. Улуу максат да ошол…

Даярдап келген суроолорум жарабагандан кийин кийинки суроону не деп берем деп ойлоп жаттым. Сөрүгө жаӊы келип отурганымда күн төбөдөн бир аз кылайып, бутумдун баш бармагына тийип турган. Шамалдын тоскоолдугун эске албаганда жакшы сүйлөшүп жаттык. Өзүм жөнүндө айтып, өзүмө кеӊеш сураганча кийинки суроомо да жооп аларыма ишендим.“Мен да ыр жазып, бир улуу дүйнөнүн ичине кирмекчи болуп жүрөм. Түшүнөсүзбү, адам өз алдынча калганда  жалгыздыгын сезет экен. Кээде кишилер ушу жашоодо кантип чыдап жашап атышат деген ой келет… Буулукканда ойлорум бышып жетиле элек болсо, ыр жазбай, ыйлап алам. Адам болгондон кийин сиз да буулуксаӊыз керек. Андай учурда кантесиз?”

““Муздак дубалдарды” жазганда ачылганмын…”

– Ыр жазган жакшы касиет. Буулукканда жаралган чыгарма – чыныгы поэзия. Жакшы нерселер ошондон чыгат. Көп окушуӊ керек. Осмоновду окубайсыӊбы? Сен өзүӊдү кажып жазышыӊ керек да. Аракет кылып, талантыӊды ачышыӊ керек. Убакытты кетирбей ырларды көп жаз, өзүӊдү ач. Буулугам деп айтып жатпайсыӊбы. Ошондой болот баарында эле. Өзүӊдү ачсаӊ – дүйнөнү ачасыӊ да. Мен ырларды орусча жазам. Кара сөздү кыргызча жазам. Адамдын баарында эле бирдей  жан дүйнө болот. Өзүӊ түшүнгөндү жазып, өзүӊдү ачып, башкаларга жардам бересиӊ. Сенин дүйнөӊдү окушат. Адамдар өзүн-өзү ачып жазат. Сөз менен өзүн ачып, буулукканын айтууга аракет кылыш керек. Китеп окуйсуӊбу? Окуганыӊдан пайда болуш керек. Кайсы китептерди окугансыӊ?..

Аздыр-көптүр окуганымды айттым. Унчукпады.

– Ч.Айтматовдун  “Обон” деген повести бар. Кайсы жылы жазды экен, эсимде жок. Орусчасы “Жамийла” болуп кеткен. Айтматов жазуучу катары ачылган эӊ жакшы чыгармасы ошол. Ошону оку. Анын өтө таланттуу киши экенин байкайсыӊ.  А. Осмоновду оку, бул акын “Жолборс терисин кийген баатырда” ачкан өзүн. Көп жерде өзүн ачкан. Киши ачылыш керек. Адегенде өзүӊдү ач. Буулукканда ыйлаганыӊ, сенин ачылбаганыӊ. Көп кишилер ачылбай өтүп кетет менимче.  Мен “Муздак дубалдарды” жазганда ачылганмын. Ачылбаса андай жаза албайт киши. Өзүӊдү ачууга аракет кыл, түшүнөсүӊ, көп жазгын. Өзүӊдү ачканда билесиӊ, чыгарма кандай жазылат. Өзүнүн жаны, өзү берген акылы, сезими, жан дүйнөсү ачылат. Ошондо чыгарма пайда болот.

Бул кезде жазуучу үнүн бийик чыгарып, көбүрөөк сүйлөп бере баштады. Ачылып баратат го деп койдум. Баягы бутумдун бармагына тийип турган күн ручка кармаган оӊ колумду өөп турду. Аттап-буттап, өзүм түшүнгүдөй кылып жазып жаткан колумду жогору кылганымда күн жыттанып кетип жатты… Күн биздин маекке кызыккандай улам эӊкейип шыкаалай баштаган кез.

 “Кечиримдүүлүк – Кудайдын касиети”

-Жашоодогу ишеним жөнүндө да айтып бериӊизчи, аба.

– Кудай – өтө улуу ишеним. Андан ашкан улуу ишеним жок. Ислам – адамды улуулукка, жакшылыкка үндөгөн улуу илим. Христиан дагы улуу илим болгон.

Бул аралыкта кай жактын кызы экенимди, үй-бүлөмдү сурап өттү.

– Улуулуктар ар кандай болот. Чыныгы ишеними бар кишилер орус, кыргыз, өзбек же башка дебейт. Эч качан бирөөнү жаман көрбөйт, тышына карабайт. Азыркы күндө ар кандай улуулукка үндөгөн диндер, ишенимдер бар. Булар биригет. Ишенимдерди бириктире турган улуу доордо жашап атат адамзат. Кыйын, бирок улуу доордо жашап атабыз. Диндер ар кандай жолдор сыяктуу. Баарынын акыр түбү бир улуулукка биригет. Жөнөкөй айтканда, жаманды да, жакшыны да, жаман жазуучуну да, жакшы жазуучуну да жараткан бирөө болот да. Ошондой ишенимге адам келиш керек. Ишенимге келген киши кечиримдүү болот. Кечиримдүүлүк – улуу  Кудайдын касиети. Ошондой ишеним менен адамзат динге биригет.

Дүйнөнү адам же идея башкарбайт. Адамды, адамзатын сүйүү башкарат. Азыр ошого кетип жатат. Улуу кишилер баары ошого ишенген. Өзү аркылуу сокур ишеним эмес бул. Аябай окуп, өзүн ачып отуруп ушуга келген. Сен да ачылганда ушуга келесиӊ. Ишеним деп ушуну айтат.  Атыӊ өзгөчө экен. Ат жөн койбойт бирок. Сенде кеп “Бүбү” дегенде болуп жатпайбы. (Арасында “кызым” деп да кайрылып жатты. Ысымым жөнүндө дагы бир нерсе айтар бекен деп күттүм.) Сен көп… Азыр жашаш кыйын. Жашоого өзүӊ аракет кыл.

Көп ойлонуп, аз сүйлөгөн, өтө кооз деле эмес, бирок ойлордун накта каймагын калпып сүйлөгөн киши катары таанып бараттым.

“Алыстан келипсиӊ, аядым”

-Аба, жашоонун чындыгы жөнүндө да айтып бериӊизчи…

– Жашоонун чындыгын эч ким билбейт. Билүүгө аракет кылыш керек. Ким жаратты? Кайдан келдиӊ? Эмне үчүн жаратты? Кайда баратат адамзаты? Аягы эмне менен бүтөт? Башталган нерсе бүтүш керек да. Ушулардын баары чечилгенде улуу чындык пайда болот. Улуу чындык бар өзү. Аны сага “балп” этип айтканга болбойт. Өзүӊ билип жетишиӊ керек. Өзүӊ тап. Улуу чындык деген бар. Мага, сага эмес, бүткүл адамзатына тиешелүү чындык. Силерди, айрыкча кыз балдарды аяп эле сүйлөшөм. Алыстан келипсиӊ ысыкта. Болбосо мен кишилер менен сүйлөшпөйм. Пайда жок да. Эй, чындыкты билгенге аракет кылбайсыӊбы?  Бар экен да көрсө. Будда пайгамбар деген болгон. Мухаммед пайгамбар исламдын пайгамбары. Пайгамбарлар ар бир доордо адамзатындагы караӊгылык көп жерлерге түшүрүлгөн. Аравия өтө караӊгы болгон да. Согуштан кийин бир киши Мухаммед пайгамбарга суроо бериптир. Мен сага исламдын так, жетер жерин айткым келет, ук. “Кудайдын элчиси, сиз улуу жихат, кичүү жихат дедиӊиз. Кичүү жихат кичүү согуштар экен, улуу жихатчы?” дейт. “Жихат” деген кырып-жоюу деген сөз. Адамдар өтө пас болот. Караӊгылыгын, пасчылыгын кырып-жоюу керек. Пасчылык-  аябай караӊгылык. Адамдар караӊгылыкка, пасчылыкка толгон. Ошону кырып-жоюу болот дептир. Өзүнүн үстүнөн күнү-түнү иштөө, өзүн тазалоо дептир. Пасчылыкты билесиӊби. Дүйнө таза адамдардан туруш керек. 

“Сен “ы-ы” дей бербей ук, муну жазгандан мурда жакшылап түшүнүп ал” деди капыстан. Сөздөрүн текке кетирип албайын деп ар бирин жазып отурган мени, “мени карап угуп, түшүнүп отур” деп өзү сөрүгө жөлөнө кетти. Жазганымды койдум да эстеп калууга тырыштым.

– Пайгамбар дин таратып атканда кишилер биринчи баш ийбеген. Илгери адамдар өтө эркин болгон. Пайгамбар жигиттери менен шаарга кирип баратканда  силерге окшогон сулуу кыздар таӊ калып карашкан. Бирок, алар элди карабай аттын жалын карап жүрүшчү экен. Тике карабаган. Мусулмандар ошондой. Өтө чоӊ абийирдүү, ички сулуулугуна таӊ калышчу экен. Согуш жолдо эле калат.

Бул убакта күн кызыгып-кызыгып эӊкейип отуруп чыкыйдын өзүнө тийип, баш ооруп чыкты. Сөз уланып жатты.

– Адамзаты улуу чындыкты иш катары алып жүрө билиш керек. Ысыкта келгениӊ үчүн эле сүйлөшүп жатам. Анын үстүнө менин оо жашымдан бери жакшы көргөн кишилерим ноокаттыктар. Ноокаттан тарбиялуу, адамгерчиликтүү, көп жакшы кишилер чыгат. Ноокаттыктар жакшы кишилер болушат. Көп досторум болгон. Байланыш жок азыр. Силердин урууӊар эмне? Отуз уулдун Бөрүсүнөн болом дедим мен. Ээх, ошондоой. Мен бак сугарып атам.

Жалпы сүйүү жөнүндө сурайын деп барып кийинкиге калтырдым. Анткени, сөз арасында кийинки жолу “Муздак дубалдарды” окуп түшүнүп келем дедим. Кубатбек аба айтат, “бирөө чыгармаӊды түшүнбөдүм деп келиптир. Бир жолу оку, түшүнбөсөӊ эки жолу оку, дагы түшүнбөсөӊ үч оку, түшүнөсүӊ. Мен эмне айдан түшүптүрмүнбү. Мен деле турмушту жазам дедим” дейт. Шашып берген акыркы суроом “учурда кандай чыгарма жазып жатасыз?” деген болду.

– Мен күндө чыгарма жазам. Тынымсыз жазам. Ырды орус тилинде жазам дебедимби. Азыр ошону жазып атам. 3 том болуп калды. Мейли, жакшы бар. Кийин келем деп шашылбай коюп жүрбө. Убакыт аз… 

“Шашыл, убакыт аз” дегенин жогоруда коӊшусу айткан жылуу жакка кетерине жорудум да, коштошуп жолго чыктым. Такси күтүп турбай баса берейин, жолдон чыгар деп, ойлонуп отуруп, жөө экинчи айылдын аягына жеткенде машина келди. Бала кезден күнүнө 10 чакырым жөө баскан мага эч нерсе билинбеди деле. 

Кийинки жолу көп окуп түшүнүп барам, Кубат аба. Сүйүү жөнүндө сөзсүз сурайм. Аман болуӊуз!  Баса, шаарга келген соӊ Кубатбек Жусубалиевге Кыргыз Эл жазуучусу деген наам ыйгаруу тууралуу президент  кол койгонун угуп кубандым.

Бүкалча Маматали кызы

Булак: “Ош шамы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *