Күчтүү президенттик башкаруу гана Кыргызстанды саздан алып чыга алабы? Же эмне үчүн парламенттик башкаруу бизге ылайык келбейт?

Мен түз эле парламенттик башкаруу кыргыздардын саясый маданиятына жана менталитетине таптакыр ылайык келбей тургандыгын айткым келет. Эмне учүн? Сабыр кылсаңыздар чечмелейин, анан ар жагын езүңүздөр таразалап көрүңүздөр.

Ар кандай нерсени куруу үчүн биринчи кезекте ага ылайык материал болушу керек. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бышкан кыштар, темирлер, бетондор талап кылынат. Эгерде саман менен ылайдан көп кабаттуу үй курса, ал бир күнү урап түшүп калат. Бир коомду курганга да ага ылайык адамдык материал болуусу зарыл.

Дүйнөдө коммунисттик идеологиядан адилеттүү да, гумандуу да бир да идеология жок. Анда улуу диндердин прогрессивдүү жактарынын баары камтылган. Ал атеисттик көз карашты жактаган менен өзүнчө дин, кудайды, аркы дүйнөнү тааныса, мүмкүн акырындап динге деле айланып кетмек, ал мүмкүнчүлүк дагы деле бар. Бул жерде дагы бир парадоксалдуу ойду айткым келет, айрым атеисттер көз карашы жагынан айрым кудайга чындап ишенгендерге салыштырганда иши, пейили, мамилелери, жүрүм-туруму жагынан жаратканга алда канча жакын болушат, ага башка эсседе токтолобуз, мында өзүбүздүн темага кайрылсак, адамзаттын 4/1 бөлүгү дагы деле коммунисттик идеологиянын жетегинде жашап жатышат. Бирок, анын мурдагы СССРдеги 73 жылга созулган варианты – коомдо ага ылайык адамдык материал болбогондугунан улам кыйрады. Коммунисттик идеология болгон менен коммунизмдин адамы болбоду. Коммунисттик идеологиянын Союздук вариантында, ырасын айтуу керек, адамдык сапатка, практикага негизделген рационалдуулук, прагматикалык акыл-эс эмес, диндердикиндей утопия, ишенимди гана талап кылган демагогия үстөмдүк кылчу. Ал жагынан динге окшош болчу.

Бизде парламенттик башкарууну жактагандар, деги эле саясый реформаларды жүргүзгөндөр да коомдогу реалдуу адамдык материалды эске албастан, кыялдагы нерселерди бар нерселердей, колдорунда тургандай ойлоп алышып, рационалдуу акыл-эске, эмпирикалык тажрыйбага, практикаларга эмес, курулай ишенимге гана таянып иш жүргүзүшүүдө. Алардын андай үмүт, ишенимдери реалдуу турмушка келгенде быт-чыттары чыгып кыйрап калууда, мындан ары да ошондой болот.

Көз карандысыздыктан берки мезгилде Кыргызстан формалары боюнча толук парламенттик (1991-1994-жж), президенттик-парламенттик 1994-1997-жж), супер президенттик (1997-2005-жж), анархиялык (2005-2007-жж.), президенттик (2007-2010-жж), парламенттик-президенттик ( 2010-2019-жж) башкарууларда жашады. Бирок, иш жүзүндө анын саясый системасында: 1. Авторитардык президенттик, үй-бүлөлүк десе да болот, 2. Олигархтык-коррупциялык, 3. Анархия-ык башкаруулар гана болду. Мындан ары деле төрт Текебаев келип мыйзамдардын бардыгын АКШныкына, Британияныкына окшоштуруп жазып, Азимбек Бекназаровдойдон алтоосу, Эдил Байсаловдойдон бешөөсү жер сабап “демократиялап” кыйкырып турушса деле жогорудагы үчөөсүнүн бириндей башкаруу гана болот.

Мындай көрүнүш жөнүндө Орусиянын 1992-1998-жылдардагы премьер-министри В.Черномырдин: “Любые наши дела вроде бы, начинаются прекрасно, а заканчиваются как всегда…”, “Бизде кандай партия түзүлбөсүн, ал дароо эле КПССке айланып кетет” деп туура айткан. Парламенттик башкарууга жетебиз деген аркы дүйнөдө…. дегендей эле сокур ишеним, ал азыркы шартта Кыргызстанга таптакыр ылайык келбейт. Мажоритардык системаны жоюп, парттизме менен шайлоону киргизсек эле, парламентаризм өнүгөт дедик эле, ал теңирден тескери натыйжасын берди, иш жүзүндө олигархтык-коррупциялык, чоң муштумдук башкарууга ээ болдук. Парттизмедеги алдыңкы орундардын бардыгы олчойгон акчаларга сатылса, анан мандатты сатып алгандар келишип, мамлекеттик чоң кызматтарды сатышса, ал коррупцияны гүлдөтмөк түгүл, “Кара жоргодой” ырдатып-бийлетип жатпайбы! Өлкөнү олигархтык-коррупциялык башкарууга чеңгелдетип коюп, анан коррупцияга каршы күрөшөбүз, парламенттик демократияны өнүктүрөбүз деген нонсенс, парадокс.

Мажоритардык системада акчасы болбогон менен өз алдынча туруктуу көз карашы, позициясы, харизмасы барлардын бириндеп парламентке келип калуусуна, демек, аз да болсо чыныгы парламенттик демократиянын өнүгүүсүнө орун калса, парттизме боюнча шайлоодо андайга кенедей да орун калбайт. Парттизмеде шайлоо деген биздин шартта тоталитаризмди бекемдеп, коррупцияны өнүктүрүүнүн эле бир түрү. Анткени, ар партиянын лидери тизмедегилерди өзү тандайт, ал жерде капчыктуулар үчүн “бар бареке, кана колуңузду бериңиз” деген базардык демократия гана бар. Орундар лидердин көзөмөлүндө аукциондун жыйынтыгына жараша гана бөлүштүрүлөт, анын макулдугусуз бир да адам парламентке да өтө албайт, партиянын атынан мамлекеттик жана муниципалдык чоң кызматтарга да бара албайт. Парламентте да бардыгы анын көзүн карап жалдырап отурушат, ал эми лидер “аркамды чукуттуруп, куйругума калбыр байлатып койбойсун” деп президенттин көзүн карайт. Жалпы элдин пикирин, көз карашын билдирет деген парламент 4-5 адамдын, алар президенттин чеңгелинде болсо, анын эмнеси демократия? Андан мажоритардык системадагы шайлоо он эсе өйдө эмеспи! Анда жок дегенде ар округ өз өкулүн өзү тандайт, арыз-муңдарын ошол аркылуу бийликке жеткирет. Же парттизме деген конкреттүү аймак үчүн абстракттуу бир нерсе болсо, мажоритардык система конкреттүү адамга байланышкан конкреттүү түшүнүк болуп жатпайбы.

Азыркы коррупциялык жаңжалдардын баарын болбосо да четин 2011-2015-жылдары шайланган депутаттаррын бир бөлүгү сөзсүз мурдатан эле билишкен. Маселен, Бишкек ЖЭБи боюнча келишим парламенттин профилдик комитетинде, анан жалпы жыйында каралганда анын долбоору түгүл сметасы, техникалык-экономикалык негиздемеси, эксперттердин жыйынтыктоочу талдоосу жоктугу, тендер өткөрүлбөгөндүгү сөзсүз дайын болгон, бирок бири да “макулдашууңардын мыйзамда талап кылынгандай документтеринин толук пакети кайда” – деп сураганга батына алышкан эмес. Алар үчүн “президент шаштырып, тезирээк өткөргүлө деп жатат” деген гана негизги аргумент, акыркы сөз болгон. Эгерде парламентте бир мандаттуу округдардан аркалары таза, убагындагы Б.Ааматов, Т.Усубалиев, М.Байжиев, А.Масалиев, Д.Садырбаев, А.Мадумаров, А.Бекназаров сыяктуу лидерлик, харизмалык сапаттары аркылуу келишкендер отурушса, сөзсүз ал маселе 1993-жылдын декабрындагы алтын маселесиндей болуп, 2012-2015-жылдарда эле көтөрүлүп, катуу талкууланмак. Ал эми биздеги депутаттар “жоо кеткенден кийин кылычыңды…” дегендей болуп, болору болуп, боёгу канып, негизги фигурант Атамбаев бийликтен кетип, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдон ишарат болгондон кийин гана таруу бозонун тобуна тойгон текелердей бакылдашты. Эгерде аракеттеги президент тескери ишарат кылып койсо, кайра бардыгы кындарына кирип, ууру мышыктардай сүзүлүп отуруп калышмак.

Парттизмелик шайлоо парламентаризмди өнүктүрбей эле анын негизги идеяларын тумчуктуруп өлтүрөт, биздин адамдык материал, саясый маданият ага ылайык келбейт. Алмаз Атамбаевге бир ооз каяша кыла албаган бечара парламент ал кетип кете электе Сооронбай Жээнбековдун чөнтөгүнө кирип кетти. Эгерде шайлоо системасы өзгөртүлбөсө, 2020-жылда деле ушундай эле өзүнүн кулагынын көлөкөсүнөн да чоочулаган олигархтык коррупциялашкан күнкарама парламент келет. Эгерде Жогорку Кеңеш үч бийликтин эң күчтүү бутагы экендигин жылдан жылга бекемдегендин ордуна, 1991-2007-жылдардагы позициясынан да артка кетип, сапаттык курамы, коомдогу орду, таасири начарлап баратса, парламентаризмди өнүктүрүп жатабыз деп өзүбүздү өзүбүз алдагандын кандай кажети бар? Бизде азыр формасы болгон менен мазмуну таптакыр ага коошпогон мимикриялык парламентаризм, же элестүү айтканда мамлекеттик документтерге штамптарды басып туруучу президентке караштуу цех гана бар.

Кандай ачуу болсо да чындыкка тике кароо керек. Ал эми көз карандысыздыктан берки саясый системабызда ырасталган чындык булар: Бизде Баш мыйзам 9 жолу эмес 18 жолу өзгөртүлүп, кандай прогрессивдүү жакшы нерселер укук-ченемдик актыларга киргизилбесин, коомдо кандай саясый реформалар ишке ашырылбасын, баары бир жакынкы 30-40 жылдын ичинде алар Кыргызстанда жогоруда айтылган – 1. Авторитардык президенттик, 2. Олигархтык-коррупциялык, же 3-анархиялык башкаруунун бирине эле айланып кетет. Азырынча биздин адамдык материалыбыздын сапаты, саясый маданиятыбыз ушуларга гана араң жетет. Андан башкалар жөнүндө ойлоно, кыялдана берсе болот, бирок мыйзамдарды окшоштурсак эле Англиядагыдай, же Германиядагыдай парламентаризмди куруп жиберебиз деген жөн эле ишке ашпас утопия.

Кемчонтоюм, дагы бир жолу кайталайм, өзүңдү өзүң алдабай, бирөөлөрдүн ширин сөздөрүнө азгырылбай, чындыкка тике кара. Бабаңдан калган “мурдуңа карап бышкыр, жылкыңа карап ышкыр” деген сөзүн эсиңден чыгарба. Коррупция деген эмне экендигин жүз жыл мурда эле унутушуп, абийир, ар намыс, элдин жана мамлекеттин алдындагы милдет дегенден өмүрлөрүн да аяшпаган, саясый маданияттары кандары менен бүткөн элдерге теңелемин деп эмнеге кыйналасың, неге куру убара тартасың? Экөөбүздү абирелүү жерге жалгыз киргизгенге да болбойт, киргизсе да чөнтөктөрүбүздү тигип коюш керек, болбосо жылтыраган нерселер ал жакка өздөрү эле “адашып” кирип кетиши мүмкүн. Ал эми сен Ак үйгө киргендердин, алардан башка отуз миңден ашык мамчиновниктердин чөнтөктөрүн, капчыктарын, сомкелерин кантип тигесиң, байпактарын, башка жактарын кантип текшересиң? Аларга андай тоталдык көзөмөл жүргүзө албагандан кийин курулай ишке ашпас кыялдарыңды таштап, ишке аша турганды, колуңдан келе турганды гана кыл.

Бурадарым, сен аларга окшоп кийинип-ичинип, алардыкындай машинелерге түшүп, чычаңдай басып калышың мүмкүн, бирок моралдык жактан жүз жылда да немис же англичан боло албайсың. Алардын моралдык сапаттары темир бетондон куюлса, экөөбүздүкү саман аралашкан ылайдан жаралган. Андан көрө ишке ашпас дымакты коюп, киндик каныбыз тамган жердин турпагында эле басып, анын тезек, шыбак аралашкан жытын искеп, азыркы шартта бизге жогоруда айтылган үч башкаруунун кайсынысынын зыяны аз дегендин тегерегинде акыл калчап, ошолордун гана бирин тандообуз керек.

Анархиялык башкаруубу? Биз 2005-2007-жылдары ошондой башкарууда жашап, эки жолу жарандык кагылышууларга кирип кете жаздадык. Бир айда Баш мыйзам эки жолу өзгөртүлгөн учуру болду. 2018-жыл да анархиялык башкаруу менен башталып, бирок бактыга жараша жазда эле аяктады. Ал – дарга туруп бийлегендей, кокус азыраак бут тайса эле арка моюндан ажырап кала турган, саясый кырдаал бир күндө эки ирет өзгөрүп кете турган туруксуз башкаруу. Анын айрым белгилери азыр деле бар, өкмөттүн бир депутаттыкынча да иммунитети жок, эки жылдан ашык иштебейт, эч нерсеге жооп бербейт, президент баарын чечкен менен мыйзам боюнча ал да өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалга жоопкер эмес, ал бардыгын өкмөткө шылтап, аны садагага чабылчу дүжүр улак кыла берет.

Текебаевге окшогон шоркелдей реформаторлордун айынан Кыргызстан эбак перманенттүү башаламандыктардын өлкөсүнө айланган. Анткени, бизде эл эгеси, журт башчысы деп айтарлык, өлкөдөгү бардык абалга мыйзамдык жактан жооп бере турган конкреттүү бирөө жок. Ошон үчүн койчусу көп болсо, кой арам өлөт болуп, улам жыгылып туруп, ызы-чуу түшүп чаңга оонап келатабыз.

2018-2019-жылдар – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Акыркы шартта мындан өткөн парадокс жок. күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишенимдүү жергиликтүү бюджеттер болмоюнча аймактар өнүчү беле? Азыр райондордун, облустардын өз алдынча бюджеттери жок. Аларды жетектегендердин ыйгарымдары – “тоталитардык” деп дермократтар тынбай шыбап келишкен мурдагы советтик мезгилдеги райондорду, облустарды башкаргандардын укуктарынын ондон биринче да эмес. Ал эми экономикага реалдуу таасирлери, эл арасындагы бедел-абройлору жүздөн бирине да жетпейт. Анан биз кантип демократиялык коомдук куруп жатабыз деп айта алабыз. Демократия жер-жерлерден башталышы, күчтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук бийлик органдарын көзөмөлдөп, ооздуктап турушу, финансалык жактан ага көз каранды болбошу керек. Биздеги демократия – Ак үйдүн ичиндеги капаста, анан Ала-Тоо, Горький аянттарында гана сайраганга жараган, калган жерлерде дароо эле жинди каргага айланып кеткен коркунучтуу паренде.

2007-жылдан же парламентти жалаң күркүлдөр менен базаркомдор биротоло оккупациялап, кадрдык маселелердин да көбүн өз колдоруна алышкандан кийин бизде олигархиялык-коррупциялык башкаруу бекем орногон. Аны временщиктер, андан кийинки парламенттик шайлоолор аябагандай күчөттү. Эң жаманы, мында ресурстарды бөлүштүрүүчүлөр, кадрдык маселелерди чечүүчүлөр көп болгон менен алар эч нерсеге жооп беришпейт, сындаганды, үйрөткөндү гана билишет. Ал өлкөдөгү саясый, экономикалык кризисти тереңдетип, акырындап анархиялык башкарууга айланып кетерин 2005-2006-жылдардагы окуялар ырастаган. Бизде экономикабыздын бир жылы азыраак өсүш берсе, экинчи жылы артка кетип, анан ордунда токтоп калып, анан кайра өскөнгө окшошуп, дайыма экс-президенттин мүнөзүндөй өйдө-төмөн болуп туруусу туруктуу көрүнүшкө айланган. Анткени, олигархтык-коррупциялык башкаруунун ээлери өлкөнүн экономикасына да, социалдык чөйрөсүнө да чындап кызыгышпайт, чындыгында аларга кереги да жок. Алардын эс-дарттары өздөрүнүн бизнестеринин гана көйгөйлөрүндө, ошол кызыкчылыктарга жараша гана иш кылышат, бардыгынын запастык “аэродромдору” бар, байлыктарынын көпчүлүгүн ошол жактарда сакташат, убагы келгенде ойлонбой-толгонбой эле кетип калышат да. Анан мамлекетти талаганга мүмкүнчүлүк боло калса, баары жамырап кайра жетип келишет, андайларды ашыгы менен көрүп жатасыздар. Эгерде ушундай нукта бара берсе, Кыргызстан ишенимдүү өнүгүү жолуна түшмөк түгүл, бир күнү дайнын да таппай калышы мүмкүн.

Демек, бизге демократиянын, парламентаризмдин терисине жамынган олигархиялык-коррупциялык мамлекетти дардын жибиндей чайпалткан анархиялык башкаруулардын кереги жок. Бизге азыр күчтүү президенттик башкаруу гана ылайыктуу. Анткени күчтүү президенттик башкарууда өлкөдө бир гана кожоюн болот, бийликтердин бардык бутактарында бекем тартип орнойт, инвесторлор да бир гана адамга көз каранды болот. Албетте, он адам менен сүйлөшконгө караганда бир адам менен сүйлөшкөн аларга жеңил. Ал адамдан ишаратсыз аларга эч ким тийеше да албайт, тийишкени ошол замат жазаланат. Эгерде ал таза, коррупциялык иштерге өмүрүндө аралашпаган, эрки күчтүү, экономиканы жакшы билген, чындап эл жана мамлекет үчүн кызмат кылам деп келген адам болсо, өлкө үчүн ал эң мыкты вариант болот.

Күчтүү президенттик башкаруу – авторитардык башкарууга ооп кетиши мүмкүн. Эгерде ал рационалдуу авторитардык башкарууга айланып кетсе, андан жакшы. Тартип дагы жакшырат, ишкерлер, инвесторлор үчүн ыңгайлуулуктар дагы артат. Убагында экинчи, үчүнчү дүйнөлөрдөн чыккан өлкөлөрдүн бардыгынын баштарында авторитардык башкаруучулар турушкан. Өлкөнүн кызыкчылыгына келгенде айрымдарды гана байытпаса, элге пайдасы аз демократиялык оюндар эмес, Дэн Сяопиндин “кандай түстөгү мышык болсо да чычкан кармаса болду” деген принциби гана жетекчиликке алынуусу зарыл. Биздеги демократиянын терисин жамынган “мышык” чычкан кармамак түгүл, чейрек кылымдын ичинде өзү тойбос, куйту, ууру келемишке айланып кетпедиби. Ал “келемишти” реформанын дарысын берип, гумандуу жол менен өлтүрүп, жаңы “мышыкты” бакмайынча, оңолушубуз эң эле кыйын.

Бакай Чилтегин

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *