Куда кут болсун, Сабир мырза!..

Күз келем деп туру. Ага дейре эле аш тойлордун асты башталды. Айтсак, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Сабир Атаджанов өткөн жумада келин алып, той берди. Албетте, аттуу-баштуулар катышты. Той шааниси шаңга бөлөнүп, шарап менен чүйгүн тамак тартылып, ак тилектер жаап турду. Куда күткөн Сабир мырза кезинде токой-чарбасын бир топ алдыга сүрөгөнү жашыруун эмес. Эр эмгегин жер жебейт демекчи, элиңизге кылган ак кызматыңызга тарых өз баасын берээри талашсыз. Бул боюнча айтылчу сөздөр али алдыда. Кандай болсо дагы биз ак ниеттен каалоо менен Куда кут болсун, Сабир мырза дедик..

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *