Кудайбердиева кудайдын эркесиби?

Кыргызстанда билим берүү тармагы жылдан-жылга артка кетип жатканы жашыруун эмес. Окуу программалары эскирип, билим алуу коррупциялашып бүттү. Билим берүү жана илим министрлиги реформа кыла албай баарын ойрондотууда. Министр Гүлмира Кудайбердиева реформа деп, кыргыз тили менен адабият сабагын кыскартып жатканы коомду нааразы кылууда. Өз мамлекетинде кыргыз тили менен адабиятын кыскартуу маңкуртчулук экенин айткандар арбын. Кудайбердиева башым деп койгон жок. Мынчалык кыргыз улутуна кыянаттык кылып, реформа деп башты айланткан министрди эмнеге тайрандатып кызматтан албай жатышканы табышмак. Бир тал чачын жерге түшүрбөй колдогон Икрам Илмияновдун деле таасири жоголгондой болду. Эми кимге таянып жатат?

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *