Кудайбергенов эч кимге нааразы эмес

Чүй облусунун экс-губернатору Бактыбек Кудайбергенов учурда телегейи тегиз, төгөрөгү төп келип, ден соолугун чыңдоо үчүн эс алып жүргөн чагы. Кычыраган кыштын чилдесине карабай Ысык-Көлгө барып, тунжураган тынчтыкта, толку­ну шарпылдаган көлдүн жээгинде мээ сергиткени турат. Бактыбек өзү көсөм жигит окшойт, бийликтен да­гы эч кимге нааразы болбой, далысын салбай, салабаттуу кетиптир. Чындыгында колун кирдетпей, эл үчүн таза иштеп берди. Мындай кишилер кыргыз үчүн керек. Сапаттуу кишилердин эмгегин пайдаланса эмне үчүн болбосун. Баса, жеке жашоосуна да­гы жаңылык кирип, чоң ата болуптур. Куттуктайбыз!

Булак: Де-Факто 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *