Кудайы сураганды өнөр кылган Кыргызстан өнүгөбү?

Каржы министрлиги 2016-жылдын жыйынтыгы ме­нен республикалык бюджет 20,9 миллиард сом тартыштык менен аткарылганын билдирди. Бюджеттин жалпы кирешеси 115 млрд. 771 млн. 339,3 миң сом болсо, чыгашасы – 136 млрд. 697 млн. сомду түзгөн. Ошентип 2016-жылдын жыйынтыгында тартыштык 20 млрд. 925 млн. 880,6 миң сом болуп, акыркы 25 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Өткөн жылдын акыркы айында эле таңкыстык 3,4 миллиардга өскөн. Качан болсо ушундай. Качан жуурканга карап бут сунабыз? Кирешеге жараша чыгашаны кыскартпай, бюджетти олчойгон тартыштык менен кабыл алып, анан көрө тешикти жапканга көрүнгөндөн карыз сурап тилемчи болмой. Кудайы сураганды уят катары көрбөй, өнөргө айлантып алган өлкө өнүгөбү? Алкымга эмес, алыбызга ченеп иш кылбайлыбы?..

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *