Күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген аялдын учурдагы абалы кандай?

4-январда Ысык-Көлдө күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген жабырлануучу аялдын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан журналисттерге билдиришти.
Алардын маалыматына караганда, жабырлануучунун денесинин 5-6 пайызы күйүп калган, тагырагы, бети, эки колу, саны жана курсагы күйгөн. Учурда абалы туруктуу.
Эске салсак, 4-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну  33 жаштагы аялына бензин чачып, өрттөп жиберген. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, күйөөсү кармалып, эки айга камалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *