Күйөөсүн бычактап өлтүрүп, жиликтеп салган Айдай Субанова 16 жылга кесилип, Степноедогу аялдар абагына салынды

2015-жылдын августунда үйдөн чыккан чырдан улам күйөөсү Эрлан Оркошевду бычактап өлтүрүп, анан жиликтеп союп, Бишкектин таштанды салчу жащиктерине тараткан келин Айдай Субанова 16 жылга кесилип, азыр Кыргызстандагы жападан жалгыз аялдар абагы эсептелген Чүй облусунун Степное айылындагы түрмөгө которулган.

2016-жылы октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Айдай Субанованы 16 жылга эркинен ажыраткан. Субанованын жактоочулары бул чечимди Бишкек шаардык сотуна кайра кароого арызданышкан.

2017-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту Октябрь райондук соттун өкүмүн күчундө калтырды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *