Күйүүчү май кымбаттады. Мындан ары көгүлтүр от менен электр энергиясына өтөбүзбү?

Соңку аптада куйүүчү майга болгон баа кайрадан көтөрүлдү. Мындай көйгөй парламент трибунасынан да айтылып, депутат Исхак Пирматов бензинге болгон баанын өсүп жатканын, анын баа наркы коңшу Казакстандагыдан асман менен жердей айырмаланарын айтып өттү. Биздин жөнөкөй гана салыштыруу: өткөн жылдын ушул маалына караганда учурда бензиндин баасы 6 сомго чейин кымбаттаптыр. Бул темп менен кете берсе абал кандай болот? Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа 9,2%га кымбаттаган. Бул убакыт ичинде бензинге болгон баа орто эсеп менен 8,4%га, ал эми дизелдик майдын баасы 14,5%га көбөйгөн. Анан калса апта башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү боюнча кайрадан демилге көтөрүшүүдө. Өкмөт бул көйгөйдү эмнеге тизгиндөөгө дарамети жетпей жатат? Биз бул жагын коомдук талкууга коюп көрдүк.

Темирбек Асанбеков, «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери:

– Бул маселеде өкмөт жетекчилери Россия, Казакстандын өкмөттөрү менен саясый, экономикалык кызыкчылыктарды коргоо эрежесинде гана ички чарбаны арзан күйүүчү май менен камсыздоого мүмкүн. Анткени, өзүбүздө бул тармактагы энергия булагы жокко эсе. Болбосо, эркин базар шартынын агымына жол берсек, Кыргызстан энергетикалык камсыздоо маселесинин оор шартгарына барып такалат. Учурда бизде өтө маанилүү макроэкономикалык маселелерге көңүл буруу сапатсыз жүрүүдө.

Исхак Пирматов, ЖК депутаты:

– Бул көйгөйлүү маселе бүгүнкү өкмөттүн курамында чыныгы экономиканы түшүнгөн менеджердин жоктугунун кесепети. Кошуна Казакстанды аттап, Россиядан күйүүчү майды импорт кылганыбыздын өзү логикага туура келбейт. Буга чейин казак өкмөтүнүн токтому тоскоол болсо, бүгүнкү күндө алар өздөрүнөн ашкан күйүүчү майды жүктөгөнгө кызыкдар. Бул жерде өкмөт элдин кызыкчылыгын өйдө коюп, тез арада бул сунушту ишке ашырышы керек эле. Ошондо бензиндин баасы кескин түшмөк. Болгону россиялык ири мунай компаниялардын кызыкчылыгына таптакыр дал келбей жатпайбы.

Алмаз Кадыралиев, экономика илимдеринин кандидаты, доцент:

– Күйүүчү майдын кымбатташы биринчиден, экономикага байланыштуу. Себеби, баарыбызга маалым, жылдан жылга автоунаалардын саны стабилдүү өсүп келе жатат. Ага жараша күйүүчү майга болгон суроо-талап адаттан тыш күчөп, ишкерлер бул жагынан жетишерлик камсыз кьша албай калды. Буга биринчиден өзүбүздөгү жанар майларын кайра иштетүүчү заводдордун толук кандуу иштебегендиги. Экинчиден, күйүүчү майдын базары диверсификацияланбаганы. Саясый жагынан алганда, бул өкмөттүн башка мамлекетгер менен болгон күйүүчү май боюнча келишимдери. Бир эле мамлекетке көз каранды болбой, башка мамлекеттерден да күйүүчү майды алып келүүгө шарттарды түзүү зарыл. Негизи эле экономиканын ар бир тармагын болушунча диверсификация кылуу өтө маанилүү. Ушундай кырдаалда жеңил чыгып кетүүгө шаргтарды түзгөнгө өкмөткө да жеңил болмок. Жалпысынан алганда азыркы абал убактылуу көрүнүш.

Баа андай деле өтө өсүп кетет деп айтууга азыр эрте. Бирок, өкмөт мындай күнүмдүк маселелерге убакыт кетирбей, келечекте күйүүчү майга болгон көз карандысыздыкты азайтуунун үстүндө иштеши зарыл. Электрондук ыкма менен жүрө турган автомобилдерди чогултуу заводун ачсак, мамлекетибизде көптөгөн көйгөйлөр чечилип калар эле. Муну менен экономика гана эмес, экология маселеси да чечилмек. Бул үчүн эч бир салыгы жок инвесторго шарттарды түзүп берип, кепилдүүлүкгү мыйзамдын негизинде бекитип берсе, келечекте жакшы өзгөрүүлөрдү көрсөк болот.

Төрөгул Беков, экс-министр:

– Эң оболу бул тармакта жакшы конкуренция болуш керек. Бул жагынан өзүбүздөгү Жалал-Абад менен Кара-Балтадагы заводдорду катуу иштетүү зарыл. Буга удаа Тажикстанга мыйзамсыз реэкспортту токтотуш керек. Ошону менен бирге Өзбекстандан темир жол аркылуу түштүккө күйүүчү майды арзан алып баруу жолдорун чечүү абзел. Анан да бүгүнкүдөй жанар майларынын кымбаттаган шартында өзүбүздө аз болсо дагы мамлекеттик резервде күйүүчү май болуш керек. Россиядан май алганга кичи фирмаларга жол берип керек болсо насыя бериш керек. Ошондой эле салыктан жана бажы төлөм мөөнөттөрүн узартып берүү кажет. Эң негизгиси, бул тармактагы коррупцияны жок кылып, акырындык менен көгүлтүр отко жана башка энергияга өтүү-мезгилдин талабы. Бул жагы экономикалык жактан да пайдалуу болмок.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *