Кулматовдун кош жарандуулугун эмнеге эч ким эстебейт?

Кулматовдун жарандуулугу боюнча маалымат бир нече жылдан бери эле айтылып келатат. Ал турмак парламентте да каралган. Кыргыз мыйзамдарына ылайык кош жарандуулугу бар жаран мамлекеттик бийликте жетекчилик кызматтарды аркалай албайт жана укук коргоо тармагында да эмгектенүүгө болбойт.

Бажы тармагын башкарып турган Кулматовдун кош жарандуулугу бар экени маалым болоору менен парламенттин кароосуна коюлганы да ошондон. Кыргызстан менен Россиянын жараны болуп, эки өлкөнүн “орток” баласына айланган Кулматовдун өлкөнүн бакыйган тармагына башчы болуусуна каршы чыккан депутаттар да болгон. Кызматынан же кош жарандуулугунан баш тартуу тандоосуна туш келген Кулматов көп өтпөй орус атуулдугунан баш тартканын маалымдаган. Ошону менен бул маселе тынчып, “бажы тармагыбызды “таза” кыргыз жараны башкарып жатат”- деп ойлоп калдык эле.

Бирок, кийинчерээк кош жарандуулук маселеси дагы козголгон. 2011-жылдын апрель айында маалымат каражаттарында Кубанычбек Кулматовдун эч кандай орус жарандыгынан баш тартпай эле, кош жарандуулукту алып жүргөнү жазыла баштады. Андан көп өтпөй Башкы прокуратура бардык шектенүүлөрдү жокко чыгарып, 2011-жылдын 31-майында Москвадагы Федералдык миграциялык кызматы тарабынан Кулматовдун Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгарылганын кабарлаган.

Бирок, ошол убактагы башпрокурор Аида Салянова кайра эле Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбековго кат жазган. Анда башпрокурор Россиянын Башкы прокуратурасынан 2010-жылдын 15-октябрында документтер алынганын, ага ылайык Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны болуп чыкканын белгилеген. Ал турмак бажы тармагынын башчысынын орус паспортунун маалыматтары да камтылган: 2008-жылдын 30-апрелинде 45 09 №801457 сериясындагы паспорт берилген. Каттоого турган жери РФ Черемушка УФМС.

Коомчулукка “Кулматовдун кош жарандуугу бар” деген маалымат чыкканы аны талкууга алгандар көп болду. Ансыз да кыргыз элине коошпой тургансып, боюн салбаган орус тилдүү жетекчинин орус жараны болуп чыгышы шектенүүлөрдү арбыткан. Депутаттардын бир канча убакытка чейин башкы темасына да айланып, комиссия түзүүнү да сунушташкан. Кийинчерээк комиссия түзүлдү, бирок парламенттик эмес, өкмөттүк комиссия болду. Кызыгы, ал комиссиянын төрагасы ким экени белгисиз бойдон калды. Кулматовдун кош жарандуулукка ээ же ээ эместигин кантип иликтемей болгону да, иликтөөнүн жыйынтыгы да айтылган эмес. “Көзгө көрүнбөгөн” комиссия өз ишин кандай аткарганы да белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ал комиссия Өмүрбек Бабановдун  ал кездеги биринчи вице-премьер-министрдин жетектөөсүндө болгон.

Маалымат каражаттары мындай сырдуулуктан улам бул маселеге ансайын кызыгуусун арттырып. ары-бери жакты байкаштырып, маалыматка бир илинчек таап көрүүгө аракет жасагандары менен майнап чыкпады. Биринчиден, өкмөттүк комиссиянын жыйыны жабык эшик артында жүргөн, экинчиден комиссия төрагасы ким экени белгилүү болбогондон кийин так жооп угуу үчүн мнкрофонду кимге сунуу керектигин билишпеди Өкмөттүн атынан ал кездеги өкмөт башчысынын кенешчиси Фарид Ниязов гана  комментарий берген, бирок ал деле Россиянын Федералдык кызматынын Кулматовду жарандыктан ажыратуу чечими чыкканын гана кайталаган.

Жарандыктан ажыратуу чечимин кабыл алган, демек, Кулматовдун чын эле качандыр бир орус атуулу болгонун тастыктайт эмеспи. Бирок, Бажы тармагынын башчысы өзү маалымат каражаттарына берген маегинде эч кандай атуулдугу болбогонун минтип белгилеген:

“Менде кандайча орус паспорту болду? Бул саясий эмес, этикалык маселе. Кыргызстандан 1982-жылы кеткем, ошону менен Россияда окудум, иштеп баштадым, турмуш курдум. Анан СССР тарады. Ал убакта Россияда болчумун. 1995-жылы Даниядагы Россия өкүлчүлүгүнө барууну сунуш кылышты. Мага паспорт жасатып беришти. Бир жылдан кийин ал иш болбой калды. Мен Бишкекке кайтып кеддим. Ал убакта менде орус паспорту бар болчу, бирок жарандык эмес. Жарандык алуу үчүн арыз жазышың керек, а мен эч убакта андай арыз жазбагам. Паспорт берилчү форманы гана толтургам”, – деген.

Кулматовдун айтымында, кыргыз жараны болуп кетип,  орус жаранына айланып кайтып келүү анан анысына уялып койбой, улам жогорку кызматтарга умтулуп, өлкөнүн таасирдүү кызматтарын аркалоо кадимки нерсе экен. Анан да ал 1996-жылдан бери орус паспортун колуна кармабаганын, Москвадагы ата-энесинин үйүндө калганын, 2008-жылы гана паспорттогу фотону алмаштыруу зарылдыгын билдирген тийиштүү органдардан кат келгенин, атасы документ толтуруп жөнөтүп койгонун айткан.

2008-жылы Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы комитетинде биринчи орун басар болуп турган. Бул кызматты ал 2010-жылга чейин аркалаган. Унутуп калган паспортунун фотосун алмаштырууга билдирүү келгенден кийин чындап эле кыргыз мыйзамдарын сыйласа, ошол замат кийин коомчулукка уу-дуу болуп, кош жарандуулук маселеси мамлекеттик деңгээлге чейин чыгып кетишин күтпөй эле, ашыкча паспортунан кол үзүп коймок да. Бирок, ал андай кылган жок. Парламенттин кароосуна коюлуп, өкмөттүк комиссия түзүлгөнгө чейин кош жарандуулугу менен коштошкон эмес.

Жакында Жогорку Кенештин депутаты Дамирбек Асылбек уулуиун Казакстандын да жараны экени белгилүү болду. Бажы тармагынан башталган кош жарандуулук парламентке да жетиптир. Бул өзү жугуштуу болот көрүнбөйбү, эки элдин жарандуулугун тең алып, кокус суунун бул бети чайпалса, аркы бетке, аркы бети чайпалса бул бетке өтө качам дегенсиген арасат абалда мамлекеттин белдүү кызматтарында отургандардын катары арбып баштаптыр. Мындай, “жаным кайсы жерде тынч, капчыгым кайсы жерде калса болсо, ошол жерди паспортун алып чыгып жашап турам” дегенсиген көрүнүштү Кулматов жолго салды. Учурда деле бул кишннин кош жарандуулугу дагы да бар . . – деген кептер арбын. Өз өлкөсүнө чоочун адамдай бей салбай, өз кызыкчылыгы үчүн катыра иштеген жетекчи каалаган  күнү бутун сууруп кетуүгө кошумча мекенин ала жүрбөсө болмок беле.

Булак: “Майдан

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *