Кулматовдун кудуңдаганы кадрдык катастрофага түртөбү?

Бажы тармагындагы корруп­ция күндүн темасы болуп туру. Бирок негедир жетекчилик бул боюнча лам деген жок. Буга чейин бир күндө эле канча миллиондогон сомдор солонуп жатыптыр. Ал эми азыркы жетекчи Кулматов мурда деле ошол тармакта иштебеди беле? Ошондо Кулматовду «аппак кожо» десек жарашабы? Бул эми башка тема дейли. Анүстүнө ушу тапта Кулматов Кудайдын сүйгүнчүгү болуп жатпайбы. Аныгында Бажы тармагында бир топ баш аламандыктардын болуп жатканын жашырып деле болбой калды. Ошол эле маалда Кубанычбек Кулматов жетекчи болуп келгени кадр дайындоодон колу бошобой жатат. Улам бирин алып ыргытып, анын ордуна жаңы би­рин алып келип, анан анын ордун “майлатып”, айтор майкөл-сүткөл… Жалаң капчыкты толтуруу менен кызматка коюу кадрдык катастрофага алып келээрин аңдабаган Кулматовдун өлкөгө канчалык зарылчылыгы бар?

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *