“Кумтөр” кенинде убактылуу иш токтоду

Кечээ, 3-январдан баштап, Ысык-Көлдөгү “Кумтөр” кенинде убактылуу иш токтоду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын басма сөз кызматы бүгүн, 4-январда билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын директору Деон Баденхорст ушул жылдын 1-январында лицензияларынын мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ишти убактылуу токтотуу боюнча буйрукка кол койгон. Буйрукта тоо-кен иштерин 3-январда, таңкы саат 07:00дөн баштап токтотуу тууралуу жазылган. Аталган компаниянын расмий өкүлү Марина Гаврилова бул маселе боюнча дүйшөмбүдө, 6-январда кеңири маалымат бериле турганын билдирди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *