Кумтөр жана Жерүйдүн абалы, келечеги тууралуу Бишкекте жыйын өтөт

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте белгилүү геологдор, кен боюнча адистер тегерек столго чогулуп, Кумтөр жана Жерүйдүн учурдагы абалын, келечегин талкуулашат. Тогуз күн мурун, октябрдын башында жарандык коомдун активисттери “Жерүй” кени мамлекеттин үлүшү жок эле инвесторго арзанга кеткенин айтып чыгып, аны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөткө сунуштаган эле. Дал ушул маселе тууралуу да жыйында сөз болот.

Эскерте кетсек, Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы менен биздин өкмөттүн эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишими августта күчүнө кирген. Ал эми Таластагы Жерүй кенин орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы иштетип келет. Мунун тегерегинде да чыр маселе көп…

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *