Кумтөрдө 5 млрд. доллар наркы бар алтын калды

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдиргени боюнча Кумтөр кенинде 2019-жылдын 1-январына карата айтылган божомол боюнча 104 тоннадан ашыгыраак алтын запасы бар.

Борбордук тилкесинде — 77 тонна 592 килограмм, Сары-Төр тилкесинде — 16 тонна 614 килограмм, түштүк-батыш тилкесинде — 10 тонна 156 килограмм алтындын кени бар. Жалпысынан алганда запастын көлөмү 104 тоннадан ашарын айтат Осмонбетов. Лондондогу банктар аралык алтын рыногундагы троя унциясынын баасы  1 миң 540.2 доллар турат. Бул дээрлик дүйнөлүк баа. Эсептеп көрсөк, азыркы баа менен жогорудагы үч тилкеде сакталып жаткан алтындын наркы 5,1 миллиард доллардан ашат. Кумтөр кенинде 500 тоннадан ашыгыраак алтын кору бар делинип келет. Буга чейин ошонун 574 тоннадан көбүрөөк алтын казылган. Бүгүнкү күндөгү баа менен эсептегенде бул 18,5 миллиард доллардын тегереги болот.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *