“Кумтөрдүн” алтынын казган Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан 3 кыргыз шайланды, алардын айлыктары $15 000

Жыл сайын 1-майда “Кумтөр” алтын кенин казып жаткан Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн 11 кишиден турган директорлор кеңешин шайлайт. Анын 11 мүчөсүнүн 3 мүчөсүн Кыргызстан көрсөтөт. Быйыл да 1-майда Кыргызстандан былтыр шайланган 3 киши: Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаев кайра шайланганы бүгүн, 4-майда Centerra Gold Inc. компаниясынын расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы директорлор кеңешинин мүчөлөрү Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаевдин ар бири ай сайын $15 000 айлык алышат. Жылдык кирешелери $180 000 түзөрү белгилүү.

Ошол эле учурда 2019-жылы канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы “Кумтөрдөн” алтын казып, $800 млн киреше таап, Кыргызстанга $2 млн дивиденд бергенин 30-апрелде парламенттин отурумунда депутат Ааалы Карашев билдирди. Ага жооп кылып жыйынга катышып жаткан премьер-министр Абылгазиев дагы $7 млн төлөп берүүсүнө макулдаштык, аны берсе $9 млн дивиденд алабыз деп кубанды. Ошондо да Кыргызстандын алтыны жаткан “Кумтөрдөн” канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы тапкан кирешенин 1%  Кыргызстан алабы?

Эске сала кетсек, Аскар Акаевдин режими учурунда (1993-2005-жылдар) Кыргызстандын “Кумтөр” алтын кениндеги үлүшү 67%дан 12%га түшүп кеткен. Курманбек Бакиевдин режими мезгилинде (2005-2010-жылдар) Кыргызстандын үлүшү 12%дан 33%га чейин көтөрүлгөн, ал эми Алмаз Атамбаевдин заманында 33%дан 26%га төмөндөгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *