Күн тийген жердин күкүгүнө айланган Кубанычбек Жумалиев кутум жасайбы?..

Аскар Акаев жөнүндөгү ар кандай легендалардын каарманы болуп жүргөн Кубанычбек Жумалиев деген аспиранты бар. Ошол аспирант убагында жакшы эле доорон сүрдү: министрдин орун басары, комитеттин төрагасы, губернатор, министр, президенттин аппарат башчысынын орун басары, вице-премьер, анан да 9 ай премьер-министр кызматтарын ээледи. Бирок ал жетекчи катары да, саясатчы катары да өзүн көрсөтө албай, барган жерин оңдой албай, «сайма саялбаган ийне тандайт» болуп, кызматтан кызмат тандап, же кылган ишинен дайын жок, эптеп илинип жүргөнү элге качан эле шардана болгон эмеспи…

Кыргызстан болсо кризистин сазына тыгылып, карызга белчесинен бата берди. Кубанычбек Жумалиев болсо өлкө үчүн жарытып эч нерсе жасабаганы менен кара башына кам көрүп, «өзүм дегенде өгүздөй кара күчүнө» салып, «жакшы иштеп», байып, төшөк жаңыртып, жеке жашоосунда чоң «жеңиштерге» жетишкен экен. «Тазабек» булагынын маалыматына караганда, К.Жумалиевдин үй-бүлөсүнө жана туугандарына отуздан ашык фирма катталган. Эми андай «эрдиктерин» өзүнчө сөз кылса болот.

Аскар Акаев кеткенден кийин он жылдай дымып жатып, канча бергенин ким билсин, «Бир Бол» партиясьшан депутат болуп келди. Парламентге «социалдык-экономикалык көйгөйлүү курч маселелерди көтөрөт, галош сатып, базардан келген депутаттарга караганда төөлүк өйдө турат го, академик эмеспи» деп үмүттөнсөк, теңирден тескери кетип, «түндүк-түштүк жолуна Алмазбек Атамбаевдин атын бериш керек» деп демилге көтөрүп, кошоматка кой союп кирди. Ошентип, күн тийген жердин күкүгү болуп жүргөн Кубанычбек Жумалиев чочугансып, «илимдер академиясында 428 кызматкер кыскарып, айлык 30 пайызга туура эмес көбөйтүлгөн, пикетке чыкканы жатышат» деп өзүнөн-өзү өткөн жумада парламентте жар салды. «428 киши оптом кызматтан айдалса, бул чатак иш го» деп биз да бул маселеге кызыгып, териштирип көрдүк. 428 киши бир күнү кыскарбаптыр, академияда пикет-микеттен дайын жок, маяналары көбөйүп, беймарал иштеп жатышыптыр. Кызыгы, аны академиянын проблемалары да, кызматкерлери да кызыктырбайт экен. Болбосо, «айлык көбөйтүлдү» деп да чыр чыгарабы? Көрсө, Жогорку
Кеңештин бийик трибунасынан өзүнүн жеке «арманын» айтып жатыптыр. Ал деги эмне болгон арман? «Келерки жылы парламент тараса, кызматсыз калбайын» деп, көнгөн адаты боюнча кара башынын камын жеп, бийик трибунадан безилдеп айткан сөзүнүн төркүнү ушунда турбайбы!.. «Парламенттен барып илимдер академиясына президент болуп отуруп калсам…» дегенде эки көзү төрт болуп, ошон үчүн академия жөнүндө ушак-айыңдын деңгээлинде жалган сөз таратып, каралап жатыптыр. Болбосо иши стабилдүү жүрүп жаткан илимдер академиясына эмнеге асылат?

Кубанычбек Жумалиев чындап илимге күйгөн окумуштуу болсо, интриганы, ушак чыгарганды кесип кылып алган айрым бир кодура илимпоз сөрөйлөргө кошулуп алып, суу ичкен кудугуна түкүрүп, илимдер академиясы жөнүндө жалган маалымат таратпайт эле да. Анын бул кылганы нарктуу, өзүн сыйлаган илимпоздун жасай турган иши эмес. Ушул жерден бир кызык фактыны элдин эсине сала кетели. 1992-жылы илимдин доктору болуп, жыл айланбай, 1993-жылы Кубанычбек Жумалиев академик наамын алган – бул ачыктан ачык эле уятсыз протекция болгон. Же илимге эмгек сиңирбесе, же корреспондент-мүчө болбосо, кантип академик болду? Жумалиевден башка ыйманы бар илимпоз болсо «жаңы эле докторлугумду коргодум, кайсы арыма академик болом?» деп улууларга жол бошотот эле да. Же ошондо Жумалиевден башка академик боло турган окумуштуу жок беле? Ак мээнети менен илимге эмгек сиңирип, чоң салым кошкон Эмил Шүкүров сыяктуу татыктуу, таза окумуштуулар көп эле болгон. Бирок, ошондо Аскар Акаев аспирантына тартып, аны көтөрмөлөгөнү жалпыга маалым. Ушинтип өмүр бою протекция менен карьера жасап көнүп калган Кубанычбек Жумалиев эми айрым академик, член-корреспонденттерди уюштуруп, «илимдер академиясын мага алып бергиле» деп тымызын кутумчулук даярдап, чуркап жүрөт имиш.

Апас Ниязалиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *