Журналист КСДПчылардан “Эмне үчүн Атамбаев өзү президент болуп турганда 7 жыл Раим Матраимовду жанына алып жүрүп, кетерде ал жаман болуп калды?” деп сурады

“Эмне үчүн Атамбаев өзү президент болуп турганда 7 жыл Раим Матраимовду жанына алып жүрүп, президенттиктен кетерде ал жаман болуп калды? Эгер Матраимов коррупционер болсо Атамбаев кийин Жээнбековдон суранбай өзү президент болуп турганда эле Матраимовду кызматтан алып салбайбы?” деп сурады журналист Диля Юсупова КСДПчылардан бүгүн, 22-февралдагы маалымат жыйынында.

“Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон Райымбек Матраимовду кызматтан алуу жөнүндө бир нече жолу суранган”, –  деп жооп берди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолубаева.

“Алмазбек Атамбаевге Раимбек Матраимов тууралуу маалыматтар келип түшө баштаганда, 2016-жылы экс-президент бул ишти ошол кездеги президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковго териштирүү үчүн тапшырган. Сапар Исаков юристтер аркылуу бул өтүнүчтү Сооронбай Жээнбековго айткан, бирок, кандайдыр бир белгисиз себептерден улам эч нерсе жасалган эмес. Кийинчерээк Сапар Исаков Раимбек Матраимовду өзү кызматтан алаган»,-деп билдирди Кундуз Жолубаева.

Эске салсак, Райымбек Матраимов соттун чечими менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайтарылган. Буга чейин ал «ишмердүүлүгү саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган  чечимдерге жана саясатка дал келбейт» деп кызматтан алынган.

«Райымбек Матраимов – бажы кызматында 20 жылдан ашуун эмгектенген тажрыйбалуу кызматкер» деп билдирген 2019-жылдын 28-январында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алмаз Оңолбеков.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *