Кургак учукка кабылган үй-жайсыздар

24-март Кургак учук менен күрөшүү күнүн утурлай саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги туруктуу жашаган жери жок жана кургак учук менен ооругандардын социалдык жатаканасына барды. Министр бейтаптар менен жолугушуп, алардын дарылануу процессине күбө болду. Барар жери жок бейтаптарга баш калка берген бул жай үч ай мурда USAID уюмунун «Наркологиядагы альтернативалар» жана «Кургак учукту жеңебиз» долбоорлорунун алкагында курулган. Бул жерге Бишкектеги үй-жайсыз оорукчандар барып жашап, дарылана алышат. Алардын 84ү кургак учук дартына кабылган. Ал эми 43ү өтө оор түрүнө кабылгандар.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *