Курман айт майрамы 11-августта белгиленет

Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. 2-август  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз  бул күнү  ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө  болушмакчы.

Куттуу  Курман айт майрамын  Алла Таалам  бизге жана жалпы адамзат үчүн  куттуу, берекелүү кылып, Жаратканыбыз  ушул  улуу күндөрдө көптөгөн ибадаттарды кылууну  насип кылып, жасаган ар бир жакшылыктарыбызды  кабыл кылсын. Өлкөбүзгө  тынчтык, ынтымак менен бактылуулукту жана  бейпил  жашоону насип кылсын.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *