Курманбек Бакиев: “Атамбаев иш кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырган эле”

Жакында эле Минск шаарына барып, экс-президент Курманбек Бакиевге жолугуп келген Бакиевдин жактоочусу Аскат Тейит фейсбуктагы баракчасына Бакиевдин Атамбаев тууралу эскерүүсүн жарыялады:
– Менин командамдагы кишилер эбегейсиз чоң шыктануу менен, өтө берилүү менен иштеше турган, алардын арасында өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жалпы кызыкчылыктарды сатып кете тургандар жокко эсе болчу. Бирок, бир жолу мен өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка эптеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал – Алмаз Атамбаев болчу. Ал КР премьер-министри болуп 7 ай иштеди. Анын бул кызматта иштеген учуру эсте калган адамдардын баарында тең бул адамдан абдан жаман таасир гана калды. Бери эле болгондо тартиптен баштаганда деле, ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Ошол эле учурда өзү иштеген кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды. Ыраматылык Медет Садыркулов ал кезде президент администрациясынын жетекчиси болчу, мындай эч алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон адам жана жетекчи премьер-министр менен кантип иштешти билбей, айласы куруду. Анан мага мамлекеттик иштерди талкуулаш үчүн, Атамбаевди соо кезинде кармай албай жаткандыгын ачык эле айтты.”

12 comments

  • марат says:

    атамбаевден айланып олбодунорго ал президент оз агасын агалай албаган бироонун агасын сагалайт силерге каримов керек озбекстанда каримов эмес К тамгасын айтып кор туну менен тукумун менен жок болосун бизде атамбаев демократияны берген бирок чеги болуш керек кыргыздар моральдык этика тушунук жок чет мамлекетте жургон балдар гезиттерди окугандан уялабыз

  • Данек says:

    Жыгылган курошко тойбойт,,, деген кыргызда соз бар
    эмеспи. Эми аны не кылат кеп кылып, жинибиз келген куну аны да кууйбуз Минск шаарына…

  • САМАР says:

    БАКИЕВ ОЗУ КЫЙРАТЫППЫ. ОЗУ АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЭЛДИ АТЫП ИШТЕН КЕТКЕНИ АПРЕЛДЕ ЭЛДИ ИТТЕЙ КЫРЫП КАЧЫП КЕТКЕНИ, ЭМИ БОЛСО АДАМ БОЛУП ЖАЗЫП ЖАТАБЫ АКМАК.

  • Рита says:

    А.Атамбаевдин суроту монтаж экен. Атамбаев Бакиев менен эмнеге иштеген?.аны эмне эч ким тушундурбойт?! Ал оппозициядан коркуп гана “бироонорду премьер кылып алайын, митингинерди(Реформа учун кыймылы” беле) сунуш бергиле”, дегенде О.Текебаев баш болуп А.Атамбаевди макулдатышпады беле,ошондо да чоолордун арасында командасы жок жалгыз барып иштегенге дал ушул Атамбаев батынбады беле,эч ким.Бекназаров да Текебаев да эмес коркпой жалгыз Атамбаев макул болгон.Анан ошондой кырдаалда кандай гана кыйынчылыктар интригалар журуп турган, балким ошондой атмосферада ичсе ичкендир да, бакиев эмне ичкен жок деген турасынарбы?Бул жон гана аргумент.

  • kana says:

    Alla ar kimdin tagdyryn ozu 4e4et

  • Нур says:

    К. Бакиев куноолуу адамдыр бирок АША нын спиртнойго жакын экенин Кыргыз эли баары билет ал айтпаса да, бир эле мисал кечээ жакында Ала-Арча резиденциясында В. Путинди кутуп алуу учурундагы создору ото уят иш болду.

  • Бакиева озунун кылган иштерине жооп берсинчи 1чи бироону коюп

  • Бакиев
    озунун кылган иштерине жооп берсинчи 1чи бироону коюп

  • Райымбек says:

    Атамбаев арак ичсе да, Бакиевчилеп кан ичкен эмес!

  • Дамир says:

    Бакиев озу алкаш экенин жумурай журттун баары эле билет. Жада калса Бакиевин алкаш экенин Беназаров деле айтып чыкты . Атамбаевге ичи куйон Бакиев жалаа жаппагана эмне кылмак эле

  • Милана says:

    Адамдын аброюна шек келтириш учун айрымдар эмнеге гана барышпайт, канкор Бакиевди да Атамбаев менен салыштырууга болобу? Ал арак ичкенин лично барып кармап алгандай суйлошот а так так маалыматтынар же тастыктай турган фактынар болбогондон кийин бироону алкаш деп айтканга эч кимдин укугу жок, олконун коп эли Атамбаевдин ишмердигин колдойт

  • Асира says:

    Райымбек туура айтасын, канкор акмак Бакиев жасаган арам иштердин бирин да Атамбаев жасаган жок жана жасабайт дагы, анткени олкону оор абалда ойдо которуп чыккан бул жок жетишкендик, так что канкор Бакиевди колдоп Атамбаевди жаманатты кылганлдар жана ага ичи куйгондор туз жалагыла Атамбаевди элдер колдойт

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *