Курманбек Бакиевдин ысымы Ноокендеги Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине берилди. Ал көпчүлүккө жаккан жок…

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы бүгүн, 9-ноябрда маалым болду. Мындай маалыматты социалдык тармактагылар таратты.

Социалдык колдоонуучулар Курманбек Бакиевдин сүрөтү тартылып «Бакиев Курманбек Салиевич атындагы көчө» деген тактаны интернетке жарыялады. Ал учурда кызуу талкууда, аны көпчүлүк кабыл албай, катуу сындап жатат.

Ал эми Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев журналисттерге Курманбек Бакиевдин ысымы берилгенин тактыктаган. Бирок, айылдык кеңештин жыйынына катышкан эместигин жана атын бергенге каршы болгонун айткан

Эске сала кетсек, Курманбек Бакиев Кыргызстанды беш жыл (2005-2010-жылдары) башкарган. 2010-жылдын 7-апрелинде революция болуп, ал өлкөдөн үй-бүлөсү, бир туугандары менен Беларус мамлекетине качып кеткен. Учурда Минск шаарында жашайт.

2010-жылдын 7-апрелинде митингге чыккан 90го жакын адам атылып, каза болгон. Апрель окуясы боюнча сот болуп, Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Ошентип, элдин жүрөгүндө так, тарыхка аты кара тамга менен жазылып калган. Ошон үчүн эл аны жек көрүп, ысымы берилмек түгүл телевизордогу тасмасы үчүн чуу чыгарышкан. Тагыраак айтканда, 30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары Бакиевди жактап, 1-августта белгиленүүчү 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн. Ал тасма үчүн  «New TVнын» жетекчиси Нурланбек Шакиев жана «NUR TV» телерадиокомпаниясынын жетекчиси Бекболот Келдибеков профилактикалык маекке УКМКга чакырылган. Ал чакырууга баласынын ордуна атасы Ахматбек Келдибеков барган. Аларга “чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары” тууралуу эскертүү берилген.

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, Курманбек Бакиевдин бийлигинде ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиевдин ысымы (23-октябрда Аламүдүн районундагы Көк Жар айылынын кеңеши “Полиция шаарчасы” деп аталып келген көчөгө) ыйгарылган. Ал дагы катуу сынга алынган.

Жогорудагы эки нерсени эске алганда, элдин эски жарасы эми гана басылып, аны унутуп баратканда Курманбек Бакиевдин ысымы берилгени бүгүн угулуп, кайрадан коомчулукту козгоду. Анын арты эмне болуп бүтөөр экен?..

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *