Курманбек Осмонов, экс-депутат: “Батукаев боюнча ошо кездеги жетекчилерге жогору жактан көмүскө тапшырма берилген…”

Кезинде Жогорку соттун төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты болгон, мыйзамды семичкедей чаккан Курманбек Осмонов менен Батукаевди эркиндикке чыгаргандагы мыйзам бузуулар тууралуу сүйлөштүк.

– Курманбек мырза, 6 жыл мурун “Батукаев мыйзамсыз чыкты” деген депутаттардын катарында, ал тургай депутаттык комиссияда мүчө 6олгон экенсиз. 6 жылдан кийин кандын рак илдетине кабылган деп тыянак чыгарган дарыгерлер камакка алынды. Бул ишти кеч болсо да адилеттик орнотуу деген аракетте жандантыштыбы же башка бир максатты көздөштүбү?

– 6 жылдан кийин болсо да, бул ишке маани берилип, тиешелүүлөрдү жазалоо аракети башталганын мен туура эле кабыл алдым, адилеттик канча жылдан кийин болсо да орношу керек. Себеби, коомдо резонанс жараткан ишти кароонун тартиби чактабай бузулган. Жалпы жонунда ошол материалдын, иштин мыйзамда каралган тартиби бузулган. Батукаевге бир күндүн ичинде паспорт берип, соттор бошотуп, башкалары колдоп-коштоп аэропорттон жөнөтүп жиберишкен. Ошондо депутаттык комиссия адис катары мени да ишке тартышкан. Мен депутаттарга мындай иштерди соттордо кароонун тартиби жөнүндө жана камактагы адамдын дарты аныкталгандан кийин мыйзам боюнча кандай иштер жасалыш керектиги тууралуу айтып бергем. Себеби, бул иш коомдо чоң резонанс жараткан окуя болгондон кийин мамлекеттик органдардын намысын козгой турган маселе болгон. Ошон үчүн бул ишти кайра жандантып, аныгына жеткени жатканын түзүк эле көрүнүш катары баалайм. Бирок, бардык күнөөнү корутунду чыгарган доктурларга такап койгону туура болбой турат. Доктурлар күнөөсү болсо ошого жараша жаза алышы керек. Бирок, аны уюштургандар көмүскөдө калып жаткандай.

– Сот, прокурорлордун, доктурлардын корутундусуна таянганы туура элеби?

– Доктурлардын тыянагын эске алсын бирок, Батукаевдин бошоп кетүүсүнө себеп болгон башка да жагдайлар бар, аларды да караш керек. Мыйзамда айыккыс ооруга чалдыккан адамдардын материалдарын кароонун тартиби бар. Ошол нерсе сакталган эмес. Ошон үчүн Батукаевдин ишин иликтеген комиссия анын ишин караган соттордон да, прокурорлордон да сураганбыз. Аны бир саатка жетпей чыгарып салышканы орунсуз болгонун, мыйзамдын сакталбай калганын айтканбыз. Негизи мыйзам боюнча Батукаевдин көп жылга камалган ишин суратып алып, ошол иш менен чогуу карашы керек болчу. Тактап айтканда, Батукаевдин 16 жылга соттолгон Аламүдүн райондук сотто сакталып турган кылмыш иши кошо каралышы керек болчу. Карамак турсун, алар аны эске да алган эмес. Басымды дарыгерлерге коюп, “сотто не күнөө, доктурлар корутунду берип жатса, мунун чыгарбаска айласы барбы”- дегенге алып келишкендей. Бирок, сот өзү жалгыз ошол материалдардын негизинде андай ишке барышы күмөн болчу.

Баса, бул иш боюнча Нарын шаардык сотунун эки токтому чыккан. Биринчиси Батукаевди чыгаруу мезгилинде чыкса, экинчиси депутаттык комиссияда мен келтирген олуттуу катачылыктарга басым жасаганда аларды кошконго аракет кылышыптыр. Бул иш кагазы бүткөндөн кийин документтерди жасалгалоону “фальсификация” деп койсок да болот. Дегеле мындай иштер, өзгөчө Батукаевдин иши Башкы прокурордун жана ошол мезгилдеги Жогорку соттун төрайымынын макулдугусуз чечилбейт болчу. Аларга ким буйрук бергени тергөөдө аныкталаар.

Ошондой эле прокурор да сөзсүз корутунду чыгарышы керек болчу. Прокурордун айтканына караганда, эртең менен ошол жерге барып, таанышып, формалдуу түрдө катышкан имиш. Кийин спецпрокурор соттун ошол чечими менен макул болбой, “протест киргизем” десе, Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова тыйып койгон экен. Ошону менен ал иш гум-жам болуптур.

– Мыйзам боюнча кандай болушу керек эле?

– Мыйзамда ошондой оорусу чын болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп бериши керек же акыбалы оорлоп кетсе, эсине келбей мына-мына өлөт болуп калса, туугандарынын колуна өткөрүп бериш керектиги бакыйып жазылып турат. Батукаевге окшогон акыл-эси ордунда турган, жаны анчалык деле кыйналбаган кишини кайсыл жерде кандайча дарылаш керектигин сот аныкташы керек эле. Тилекке каршы, мыйзамдагы нормаларды толук сакталбай, Батукаевге ошол күнү паспорт бере коюп, аэропорттон вип-зал аркылуу жөнөтүп жиберишип, мыйзамды одоно бузушкан.

– Тажрыйбаңызда ошондой иштерди карагансызбы?

– Менин тажрыйбамда андай материалдардын 100дөйүн совет мезгилинде карагам. Биз корутунду берген врачтардын тыянагына эле таянбай, аларды да сурап, оорунун тарыхын жазган баракчаларды да анализдеп, доктурларды да сурап, тыкыр иликтеп, анан жыйынтык чыгарчубуз. Андай иштерди колонияларга барып карачубуз. Бул жерде өкүнүчтүүсү, ишти кароонун тартиби одоно бузулган.

– Дарыгерлер камакка алынгандан кийин Шамил Атаханов, Аида Салянова, ошол кездеги Ички иштер министри, Саламаттыкты сактоо министри камалышы керек дегендер четтен чыга баштады го…

– Логикалык жактан алып караганда дагы бул иштин учу барып ошолорго такалышы керек. Алар кийлигишпесе бул иш ыкчам чечилбейт болчу. Бул жерде аларга көмүскө тапшырма бергендер бар.

-Айрымдар 6 жылдан кийин жанданган ишти мурунку менен азыркы президенттин мамилесин тактап ала турган, өч алууга жол ачкан жагдай катары баалап жатышат. Атамбаевди жоопко тартыш үчүн ушул ишти кайра жандандырып жатышкан жокпу?

– Мен антип ойлобойт элем. Бул иш президент Жээнбеков мамлекет башчы боло электе эле талкууга, сынга кабылып келген иш. Келип эле Турсунбек Акунду жиндиге чыгарып коюшкан. Турсунбек Акундун да көрсөтмөлөрү бар. “Журналисттерге маалымат берип кой”- деп суранганын айткан. Жээнбеков Атамбаевден өч алуу үчүн ушул ишти бетине кармайт дегенге кошула албайм. Экөө бир партиядан. Экөөнүн чырын бул ишке аралаштырбаш керек.

– Ошончо адамдын жардамы менен эркиндикке чыккан Батукаевге жалгыз Турсунбек Акунду садага чабышканы туурабы?

– Турсунбек Акунду курмандыкка чалып жибергени туура эмес. Батукаевдин туугандарынан 100 миң доллар алган деген такталбаган маалыматты да текшериш керек. Божомол иретинде бир нерсени айта берген болбойт.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *