Курманбек Осмонов, экс-депутат: “Коюлган айыптардын баарын калыс, объективдүү териштириш керек”

– Курманбек агай, бүгүн Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө шек келтирген, доомат койгондор, депутаттарды сындагандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Бүгүн парламент чындап эле кимдир бирөөнүн буйругун аткаруу менен гана алек болуп жатабы?

– Чынын айтканда, Атамбаевге таарынгандар депутаттардын арасында деле көп. Президенттин ишмердүүлүгү кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизгенде Конституциялык палатанын чечимине таянып, процедураларды сактоого аракет кылгандай түр көрсөтүштү. Бирок алардын негизги максаты экс-президенттин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу.

– Акыркы мезгилдеги окуялар Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга шашылып жатышкандай сезиле баштады. Сырттан караган кишиге экс-президентке каршы мамлекеттик машина иштеп жатканы байкалбайбы?

– Бул абдан кылдаттык менен текшере турган иш. Башкача айтканда, кол тийбестикти алаары менен камап салат дегенге жатпайт. Кол тийбестикти алган күндө да Башкы прокурор кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзгөнгө көп эле убакыт кетет. Эң негизгиси, тергөө органдары тергөө маалында объективдүүлүктү, акыйкаттыкты камсыз кылышы керек.

– Атамбаевди камоо мүмкүнчүлүгү жогорулаган сайын экс-президентти коргоо комитети да түзүлдү. Экс-президент да кайрылууларды жасай баштады. Анын айткандарына ишенсек болобу?

– Эми ар бир факты боюнча бул чын, бул жалган деп айтыш чыны менен кыйын. Тирешкен тараптардын ортосунан жаралган объективдүү орток пикир болушу керек. Ар кимдин өз чындыгы бар дегендей Атамбаев өз чындыгын айтып жатат. Берки тарап өз жүйөлөрүн келтирип жатат. Эми коюлган айыптардын баарын калыс, объективдүү териштириш керек.

– Депутаттык комиссия койгон айыптын бешөөсүн Башкы прокуратура туура деп тапканы Атамбаевдин депутаттар койгон айыпка тиешеси бар дегенди билдиреби?

– Ал айыптар жалпы коомчулукка белгилүү болгон фактылар. Башкы прокуратура ошол фактылар боюнча жоопкерчилигин кароого гана негиз бар деген бүтүмүн берди. Ал боюнча күнөөсү бар же күнөөсү далилденди деп тергөө болмоюн эч ким айта албайт. Башкы прокуратура коюлган айыптар боюнча шектүү адам катары каралып жатат деген эле корутунду берди. Ошондуктан бул боюнча алдыда дагы көп маселе болот го деп турам.

– Экс менен азыркы президенттин тиреши стабилдүүлүккө шек келтирип, кырдаалды чектен чыгарып жибербейби?

– Мүмкүн. Мындан ары окуялар кандай багытта өнүгөт ошого байланыштуу болот. Анткени бул жагдай эки адамдын тирешинин рамкасынан алда канча чыгып кетти. Ошондуктан бул нерсе коомдо тынчтыкка, стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.

– Атамбаев “Мен мурда бул оюнга катышпай турганымды билдиргем. Жоопкерчиликтен корккон жерим жок. Бирок тарыхтын алдында Жээнбековдор кылып жаткан мыйзамсыздыкты легалдаштырууга акым жок” – деди го…

– Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар деп жогору жакта айттым го. Ар ким өз ойлогон оюн айтат. Мүмкүн Атамбаев ошондой ойлоп жаткандыр. Мындай көрүнүштөрдө так өлчөп, бир нерсени так айтыш кыйын. Ар кимдин тутунган принциптери менен позициялары бар. Бул сөз ошого жараша айтылса керек.

– Атамбаевдин жакындары балдары, кыздарынын эсептери да текшерүүгө алынаары айтылды. Бул нерсе да бала-чакасына чейин асылган жагдайды эске салбайбы?

– Кийинки жылдары козголгон айрыкча коррупциялык иштер боюнча айыпталуучунун өзүнө эле эмес, ата-энеси бир туугандары, бала-бакырасынын эсептери, мүлктөрүнө чейин текшерүүгө алына баштады. Такыр алынбасын деген деле тыюу жок. Бирок ошол коррупциялык кылмыштан алынган кирешелерди, текшерилип жаткан объектилерди, субъектилерди текшере башташты. Байланышы жокторду деле чиркеп алып текшериштин кажети деле жок.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *