Курманбек Осмонов, экс-депутат: “Президентти тандоо критерийлерин акчага байланыштырбашыбыз керек”

Экс-депутат, бир канча жыл Жогорку соттун төрагасы болгон Курманбек Осмонов менен байланышып, коомчулукта талаш жаратып жаткан айрым маселелерге жооп табууга аракет кылдык.

– Курманбек агай, акыркы мезгилде “президентти сындагандардын мүлкү конфискациялансын” деген чечимди чыгартып, президент каардуу болуп кеттиби, же ага жагам дегендер ушундай ыкманы колдоно баштадыбы?

– Негизи “конфискация” деген түшүнүк кылмыш иштеринде колдонулат. Жазанын түрүнө кирет. Конфискация кээде негизги жаза болсо, айрым учурда кошумча жаза болот. Чолпон Жакупованын үйү конфискациялансын деген чечим чыкканын чыны менен түшүнө албай турам. Айтайын дегеним, мамлекеттик органдар граждандык иштер боюнча доо арыз келтирет. Доону төлөй албай калса, аны төлөтүү максатында үйүн конфискациялашы мүмкүн. Бирок, кандайдыр бир соттук иштер боюнча конфискация маселеси көтөрүлгөнү менен адамдарды камагандай конфискация кыла албайт.

– Башыңыздан көп нерсени өткөргөн, ак-караны ажыраткан адамсыз. Акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

– Акыркы мезгилде президенттик шайлоого байланыштуу ар кандай талаш тартыштар чыгып жатат. Ошондой эле оппозициялык маанайдагы саясатчылардын кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканы граждандык коомдо ар кандай пикирлерди жаратып жатат. Кандай болгон күндө да адилет анан калыс болгону жакшы. Ошондуктан, көп учурда Текебаев жана башка саясатчыларды “сүттөн ак” дегенден дагы алысмын. Эми ар кандай жагдайлар бар. Кээ бир жерден президент туура кылса, кээде пендечиликке алдырып, аша чаап кетип жатат.

– Кыргызстанда президент болсо, мамлекетти өнүктүрүп, көз карандысыз кылып, алдыга сүйрөй турган адамдар барбы?

– Кудайга шүгүр, кыргыздын уучу куру эмес. Андай балдар арабызда эле жүрөт. Алдын-ала алардын аттарын атаганым опурталдуу болуп калат. Ошон үчүн унчукпай эле турганым оң.

– “Бу сапар акчалууларды шайлабашыбыз керек. Алар мамлекет башчылыкка келсе, элдин жүгүн жеңилдетпей эле капчыгын калыңдатам менен убараланат”- дегендер да бар. Бирок, ошол эле мезгилде “мамлекет үчүн башын сайып иштей турган акчасы жок бирок, патриот адамдарга ишеним артыш керек” дегендер да четтен чыгат. Кайсынысына басым койсок мамлекет утушка ээ болот?

– Мен “акчалууларга” же “акчасыздарга” деп приоритет кылбаймын. Эң негизгиси президент болом деген адам мекенчил, патриот, иштин көзүн билген, башкаруу чөйрөсүндө маселелерди түшүнө билген, аны чечүүнүн жолун да өздөштүргөн, тажрыйбалуу, дээринде бар адам болушун каалайт элем. “Акчалуу экен, ушуну шайлап коёлу” дегенди же болбосо, “акчасы болбогону менен акылдууларды шайлайлы” дегенден алысмын. Башкача айтканда, президентти тандоо критерийлерин акчага байланыштырбашыбыз керек. Акча деген бүгүн бар, эртең жок нерсе.

– Курманбек Эргешович, азыркы парламентти сындап, бири деңгээли төмөн десе, экинчиси иш билги парламент деп ишеним арткандар бар. Сиз парламентке кандай баа бересиз?

– Азыркы парламенттин арасында мыкты депутаттар деле бар. Бирок, көпчүлүгү башка чөйрөдөн келгендер. Мыйзам чыгаруу ишин жөн эле коёлу. Элементардык мамлекеттик кызмат жөнүндө түшүнүгү жок адамдар деле бар. Ошол жагы өкүнүчтүү. Бирок, акыркы мезгилде бизде ушундай тенденция түзүлө баштады. Айтайын дегеним, улам кийинки шайланып келген парламенттин сапаты начарлап бара жатат. Ошондуктан, азыркы парламенттин курамын көрүп туруп, жигердүү иш жөнүндө айтып болбойт.

– Башкы прокурор боюнча кандай пикирдесиз? Өз ишине тың элеби же аты бар, заты жок болуп жатабы?

– Мен Башкы прокурорду сыртынан гана тааныйм. 2-3 жолу гана көргөм. Азыркы Башкы прокурордун дараметине баа берип, жакындан биле турган жагдайларга туш болгон жокмун. Ошон үчүн жакшы же жаман деп айталбайм.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *