Курманбек Жороев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, жогорку категориядагы судья: «Устат болгон адам жаңыдан дайындалган судьяларга соттук тажрыйбаны үйрөтүүгө, профессионалдык деңгээлин өстүрүүгө чоң жардам берет»

 

— Курманбек агай, сиз сот бийлигинде көп жыл иштеп, ал тармактын абалын мыкты билген адамдардансыз. Азыр соттордун билим деңгээли, ишти алып баруу сапаты начар деген пикир жакшы деген пикирге караганда басымдуу кылат. Соттордун деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде кандай иш аракеттер көрүлүшү керек?

— Мен сот системасында көп жыл иштеген адам катары соттордун билим деңгээли төмөн деген пикирге макул эмесмин. Себеби, сотторду тандоо кеңешинен тандалып, андан кийин президент жана президенттин аппаратынан кароодон өткөн соттор Жогорку Кеңеш аркылуу Жогорку соттун, конституциялык палатанын судьялары шайланып, ал эми жергиликтүү соттор президент тарабынан мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт менен дайындалып жатат. Бирок, жаңыдан сот болуп иштеп жаткандардын иштеген ишинин деңгээли эл каалагандай мыйзам чегинде, мыйзамдын негизинде болуп жатат деп айтуу кыйын болуп турат. Азыркы дайындалган соттордун билими эмес, сот ишин жүргүзүү сапаты төмөн болуп калды десек туура болот. Мурун Кыргыз ССРинин учурунда азыркы Жусуп Баласагын атындагы улуттук университети юридикалык багытта студенттерди окуткан жалгыз гана жогорку окуу жайы болчу. Ошол жогорку окуу жайда күндүзгү окуу бөлүмүндө 50нүн тегерегинде студенти, ал эми сырттан окуу бөлүмүнөн 50нүн тегерегиндеги студент юридикалык дипломго ээ болот эле. Күндүзгү окуу бөлүмүн аяктаган студенттердин арасынан жакшы окуган, тың, турмушка болгон багыты, көз карашы туура болгон балдар Юстиция министри аркылуу укук коргоо органдарына, сот бийлигине тандалып алынчу. Тандалган студент ошол системага барып, ал жерден консультант болуп ишин баштачу. Маселен, прокуратура, милиция, атайын кызматка баргандар оперативдик жумушта, тергөө кызматында такшалчу. Кадрлар ушундай жол менен даярдалып, кадрдык тепкичти басып өтүп, сот болгонго даярдалчу. Акыркы кезде бул системаны жоготуп албадыкпы. Сот бийлиги өзүнчө бийликтин бир бутагы болуп, эч кимге көз каранды болбой, Конституция менен мыйзамга гана баш ийип, аны аткарууга антын берип, толук милдеттүү болуп калган. Баары эле сотко гана иштеш керек деп аракет кылгандын натыйжасы бүгүнкү күндөгү абалга алып келди. Мурда Кыргыз Республикасында сот бийлигинде бир нече тепкичтен турган облустук, Бишкек шаардык жана Жогорку соту бар эле. Азыр болсо мунун баары жокко чыгарылып, баары бир тепкичтүү системага өткөрүлгөн. СССР кезинде бир нече тепкичтен турган Союздук Жогорку Сот бар эле. Жергиликтүү жана Жогорку сот тарабынан катачылыктар келтирилген болсо СССРдин Жогорку сотунда мыйзамдын негизинде каралып, калыбына келтирилип, акыркы чечим кабыл алынчу. Өзүбүздүн өлкөдөгү сот бийлигин ала турган болсок, мурун Жогорку сотто биринчи инстанцияда каралган иш андан кийин үч кишиден турган кассациондук коллегияда каралып, андан соң ошол эле Жогорку соттун президиумунда жана пленумда каралып, акыйкат, адилеттүү жыйынтыгын тапчу. Кетирген катачылык, кемчилик, адамдын укугу мыйзамда кандай болгон болсо, ошого алып барып такап, ишке ашчу. Азыр андай болбой калды, бир тепкичтүү болуп калбадыбы. Мурун райондук соттор өлүм жазасын, өмүр бою эркинен ажыраткан жазаны кылмышкерге берген эмес. Бүгүнкү күндө кадр тандоо аябай төмөндөп кетти. Ошонун кесепетинен эки бутубуз менен аксап турган учурубуз. Сотко келген иште сөзсүз бир тарап утат, экинчи тарап утулат. Мыйзамдуу жагы утат. Бирок, кыйкырып чыккандар мыйзамга да карабай, өзүнүкүн гана туура деп эсептеп басмачылык кылган деңгээлге түшүп кеттик. Ошондуктан, азыркы тандалып келген соттордун иш аракети мыйзамдын чегинде таза болушу үчүн мамлекет да чара көрүп, аракет кылып жатат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы баш болуп демилге көтөрүп, ушул жылдын 22-мартындагы №40-буйругунун негизинде соттордун устатын ишке киргизүү жөнүндөгү жобо иштелип чыгып, азыр ишке ашырылып жатат. Бул бүгүнкү күндө сот бийлигин эл арасындагы аброюн көтөрүүгө карата жасалган жакшы демилге деп ойлойм. Эл аралык уюмдардын колдоосу, жардамы менен бул демилгени пилоттук негизде сынап көргөнү жатабыз. Чүй облусунда бир районду, Бишкек шаарында бир районду жана Ош шаарында бул долбоор пилоттук негизде ишке ашырылганы турат.

— Агай, устат дайындоонун өзү мыйзамга каршы келип калбайбы? Устат болуп дайындалган адамдар деле өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп кетсе бул долбоор деле натыйжасын бербей калат го?

— Устат дайындоо Конституция менен мыйзамга каршы келбейт. Туура, ар түрдүү адамдар бар эмеспи. Устат болгон кээ бирөөлөр өзүнүн кызыкчылыгы менен иштеп кетиши мүмкүн деген чоочулоо коомчулукта жаралышы мүмкүн. Жакшы иш баштап жаткан соң андай чоочулоодон алыс болуп, коркпош керек. Устат болгон адам жаңыдан сот болуп дайындалган адамдарга соттук тажрыйбаны үйрөтүүгө, квалификациясын жогорулатууга, профессионалдык деңгээлин өстүрүүгө чоң орчундуу жардам берет. Мындай жобону иштеп чыгуунун дагы бир себеби, бизде 65–70 жашка жетпей туруп пенсияга, отставкага кеткен соттор бар. Алардын көп жылдык тажрыйбаларын үйрөнүп, колдонушубуз керек. Башка укук коргоо органдарында иштеп кеткен адамдар устаттыкка алынбайт. Жалаң гана сот системасында таза иштеп, кадыр-баркка ээ болгон, эмгеги сиңген адамдар устат болуп тандалып алынып, сот бийлигинде өсүп келе жаткан жаш кадрларыбызды тажрыйба топтоого, ишти сапаттуу алып барууга, чечим кабыл алаарда туш тарабын карап жалтактабай, Конституцияга жана мыйзамга гана таянып чечим кабыл алууга үйрөтүп, багыт берет. Бул долбоордун негизги максаты ушунда. Жогорку сотту кошуп чогуу алганда өлкө боюнча 400дөн ашык сот болгон болсо, анын 70 пайызы жаңы дайындалып келген судьялар. Арасында сот өндүрүшүнүн кагазын кармабагандары да бар. Муну деле моюнга алыш керек. Адвокатурада, ЗАГСда, нотариуста, жеке менчик юридикалык фирмаларда юрист болуп иштегендер сот болуп иштеп жатышат. Ошондуктан аталган жобону ишке ашырсак деген жакшы ой болуп жатат. Бул демилгени сөзсүз колдоо керек деп ойлойм.

— Сотторду тандаганда тандоо кеңешинен өтүп, андан кийин президентке барып жатат. Сотторду тандоо кеңешинен өткөн адам президенттин тандоосуна баргандын өзү туура эмес маселеби? Президент тандаса тандоо кеңешинин эмне кереги бар?

— Тандоо кеңеши аркылуу тандалып алынган соттор президентке барып, ал жактан дагы электен өтүп жатпайбы. Коомдук уюмдардын, парламенттин, сот бийлигинин өкүлдөрү тандоо учурунда катышып, алардын берген баасына президент тарабынан кайра баа берилип жаткандай болуп калууда. Кадрлар туура тандалбай жаткандыктан аксап турабыз. Ошондуктан эл ичинде сот бийлигине болгон нааразычылыктар болуп жатат. Сот системасында реформа болду деп толук айта албайм. Бирок, мамлекет, эл сот бийлигинин өкүлдөрүнүн реформаны ишке ашыруу аракети бар. Сот бийлигинин деңгээлин көтөрүүгө болгон аракет абдан жакшы. Эгер сот болбосо өлкөдө адилеттүүлүк орнобой, кылмыштуулук күчөп, мыйзамсыз иштер арбып, башаламандык өкүм сүрмөк.

— Кадрлар жөнүндө сөз кылып жатпайлыбы. Ротация деген түшүнүк бар. Сотторду дагы ротация кылууну колго алса жакшы натыйжа чыкмак беле?

— Ким кайсыл жерде иштеп кете аларына түрткү берген учур сиз айтып жаткан ротация. Мисалы, мен өзүмдүн районумда, керек болсо облусумда иштебешим керек. Кыргыз эли тууганчыл эл келебиз. Айдоочулук күбөлүгүн алдырса да сага келип сурана берет. Сот болуп иштеген адам пенсияга чыкканда ошол жерде жашайт да. Азыр райондук соттордон баштап өмүр бою эркинен ажыраткан жазаларды чектеп жатат. Андай жазаларды алгандардын жакындары сот болуп иштеген адамдын үй-бүлөсүнө, өзүнө душман болуп, коопсуздугуна да коркунуч жаратышы мүмкүн. Бүгүн Жогорку же шаардык, облустук, райондук сот болобу кадрларды дайындап жатат. Бирок, аларды материалдык жактан толук камсыздаган мамлекет тараптан көзөмөл жок. Сот болуп башка жакка баргандар жашай турган үй же квартира ала алышпайт. Шарттын жогунан кээ бир судьялар башка жакка кызыгып кетип жатпайбы. Ушунун баары мыйзамсыз иштерди жасап койгонго себеп болууда. Учурунда Жогорку соттун мурунку жетекчилерине “Дүйнөлүк банк 12 млн еврону техникалык жардам көрсөтөлү деп сунуш кылган болсо, бул акчага сот имаратын көп кабаттуу кылып салыш керек” деп айткам. Башкы прокуратуранын жанында жер тилкеси турат. Азыр ошол жер башкы прокуратуранын авто унаа токтотуучу жайы катары колдонулуп жатат. Ошол жерге сот имаратын салса болот болчу. Жанына ведомстволук көп кабаттуу үйдү жер төлөөсү, ашканасы менен кошо салса болот десем эч ким маани бербей, уккан жок. Биздикилер жардам 12 млн евро жардам берели деген тарапка түшүнбөстүк кылып, баш тартып коюшкан.

— Устат дайындалгандан кийин соттор чечим чыгараарда ошол кишинин көзүн карап калбайбы?

— Андай болбойт. Устат судьяга мүнөздөмө берип, башка бийлик бутактарына сунуш бере албайт. Анын эң негизги милдети соттук процессти алып барууну үйрөтүү, мыйзамды бузбоо, аны туура пайдалануу, соттун аброюн көтөрүү болуп саналат. Бул долбоор сот ишин алып баруунун маданиятын, сапатын өрчүтүү үчүн гана багытталган. Устат иш боюнча консультация бергенде дагы мындай чечим кабыл аласың деп пикир айтууга укугу жок. Ишке кирише албайт. Ата-эне баласын жакшы бол, жакшы окуу, тентек болбо, өз кесибиңди сүй, адамдарга жакшы мамиле жаса деп тарбиялап өстүрөт эмеспи. Бул дагы ошондой эле багыттын бир бутагы. Устат жакшы кадрды, өз кесибин сүйгөн адисти тарбиялашы керек болот. Устат болгон адам 6 айлык мөөнөт менен дайындалат. Биринчи жолу судья болуп дайындалган кадрлар басымдуулук кылган аймактарга гана устаттык каралат.

— Устат болчу адамдарды ким тандайт? Аркасы таза эмес соттор устат болуп дайындалып калсачы?

— Устатты тандоо укугу облустук жана шаардык соттордун жамаатына берилди. Алар талапкерлерди таап, Жогорку сотко сунуш кылышат. Жогорку соттун жетекчиси өзүнүн буйругу менен аларды ошол жерге устат кылып дайындайт. Бул долбоор азыр пилоттук болуп, сыналып көрүлөт. Жакшы натыйжасын берсе бүтүндөй өлкө боюнча ишке киргизилет. Бизде ардагерлер кеңеши деген бар. Ал кеңешке Кыргызстан боюнча ар бир судья жыл сайын өз каалоосу менен миң сомдон акча берет. Топтолгон акча дээрлик 500 миң сомго жетип калат. Мындан башка Жогорку Сот дагы жардамын көрсөтөт. Бирок, бул кеңеш тарабынан эч кандай демилгелүү түрткү болгону байкалбайт. Ардагерлердин баары чогулуп, өздөрүнүн пикирин айтышып, демилге менен жыйын өткөрүшүп, президентке чейин киришип, кандай кылганда сот бийлиги оңолуп кетет деген демилгени алып чыга албай жатышат. Шаардык соттон кабинет бөлүп берип, компьютер, юридикалык китептер менен толук камсыз болгон. Ушуга карабастан ошол кеңештин төрагасы Алымбеков жакында эле “Сот бузулду” деп маек берди. Болбосо өзү жакында эле 70 жаш курагында пенсияга кеткен. Ал киши “Сотмун деп айтуудан уялып жатам” деп айтпадыбы. Мамлекеттен персоналдык пенсия алып жатса да, соттордун эсебинен жыйналган акчадан айлык алып олтурат. Муну эмне деп түшүнүү керек?

— Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдү дайындаганда парламентте саясатка айланып кетип ызы-чуу түшүп калчу. Устат тандоо дагы ошол жолго түшүп, бийлик адамдары кийлигишип, саясатташып кетпейби?

— Саясат аралашканга жол бербешибиз керек. Биз устаттарды кадрларды тарбиялоо үчүн колдонолу деп жатабыз. Мындан саясат жасоонун өзү туура эмес.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *