Курмандык кылуунун эрежелери, жол-жобосу

Малды адалдап союунун жол-жобосу кандай?

—Малдын эти адал болуусу үчүн шариятка ылайык союу керек. Ханафий мазхабы боюнча малды мууздаардан алдын «Бисмилла Аллоху акбар« сөзү айтылышы шарт. Бул сөз атайын айтылбаган учурда союлган эти арам болот. Бирок айтууну унутуп калган болсо, эч нерсе болбойт. Себеби, унутуу инсан табиятынын өзгөчөлүктөрүнөн болгондуктан унуткандыгы себептүү күнөөгө батпайт (Навави, аль-Мажму).

Курмандык чалып жаткан учурда даараттуу болушу шартпы?

—Курмандык чалып жаткан адамдын даараттуу болуусу шарт эмес. Бирок жакшылык иштерди даарат менен кылган сооптуурак.

Жасалма уруктандыруу аркылуу туулган малды курмандык үчүн чалууга болобу?

—Малдын асылдуулугун арттыруу максаты менен малдарды жаасалма уруктандырууну Ислам четке какпайт жана мындай жол менен туулган малдарды курмандык катары чалууга уруксат берилет.

Мал сойо турган адамдан кандай шарттар талап кылынат?

—Мал сойо турган адам мусулман болушу шарт. Ошондой эле акыл-эси толук болушу керек. Мал союучу адам алгач Аллах Тааланын атын атап, андан соң малды муздоого киришүүсү тийиш. Бутпарас, атеисттердин, отко сыйынгандар, Исламдан баш тарткандардын сойгон малынын эти арам болуп, жегенге болбойт. Мал союучу адам сөзсүз эле чоң киши болушу шарт эмес. Өзүнүн кылган иш-аракетине эсеп бере алган жаш уландын сойгон малынын эти да адал болуп эсептелет. Ошондой эле аял киши соебу же эркек киши соебу, мында эч кандай айырма жок.

Курмандыкка мал союу убактысы канчада башталып, кайсы убакка чейин созулат?

—Курмандык малын союу иш-чарасын айт намазынан кийин айт намазы окулбаган жерлерде таңкы багымдат убактысы (фажр) киргенден баштап баштай берүүгө болот. Ханафий мазхабы боюнча майрамдын (айттын) үч күнү күн батканга чейин уланат. Мына ушул белгиленген убакыттын ичинде күнүбү, түнүбү, кайсы мезгил болбосун мал союуга уруксат берилет. Айрыкча, айттын биринчи дө курмандык чалуу дагы да абзел иш.

Курмандыкка союу үчүн сатылып алынган мал кокустан өлүп калса, эмне кылуу керек?

—Курмандык чалуу үчүн сатылып алынган мал сойгонго жетпей өлүп калса, сатып алган кишинин абалына жараша өкүм берилет. Эгерде колунда бар адам болсо, башка мал алып соёт. Себеби, өзүнө важип болгон курмандык чалуу ибадатын орундашы шарт. Ал эми кембагал болсо, башка мал сатып алуунун зарылдыгы жок. Анткени кембагал адамга курмандыкка мал союу важип эмес. Ал өз каалоосу менен курмандыкка мал союуга ниет кылып мал сатып алганы үчүн гана бул ибадат важип болгон. Курмандыкка чалына турган малы жоголуп кетсе же өлүп калса, ага бул амал важип болбой калат (Маргинани, Ал-Хидия)

Акчасын белгилүү бир мөөнөткө бөлүп-ьөлүп берүү келишими менен курмандык чалууга мал сатып алса болобу?

—Курмандык Аллахка жакындоо ниети менен орундала турган ибадат. Бул ибадат өз максатына жетүү үчүн адам өзүнө таандык малды гана курмандыкка союш керек. Өзүнө мурас аркылуу өткөн, бирөө энчилеп берген жана сатылып алынган малдар өзүнө таандык малдар болуп эсептелет. Ошондой болсо да, акчасын белгилүү бир мөөнөттө бөлүп-бөлүп берүү келишим менен сатылып алынган малды да союуга болот.

Курмандык чалуу ибадатына маани бербеген жана мал сойбогон адам эмне кылыш керек?

—Курмандыкка мал союуга бардык мүмкүнчүлүгү болуп туруп ага маани бербеген же алагдылыктан улам унутуп калган адам ошол жылдын эсебинен бир кембагалга бир курмандык малынын баасына тете каражат берсе болот. (Ибн Абидин,-Рад дул Мухтар). Муну менен чектелип калбастан тобоо кылып кечирим тилөөсү зарыл.

Кулагы кесилген же эн салынган мал курмандыкка жарайбы?

—Курмандыкка союлуучу малдардын дене мүчөлөрү таза болуусу шарт. Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в) курмандыкка союлуучу малдын көзү соо, кулагы бүтүн болушуна көңүл буруу керектигин айткан. Эгер малдын кулагынын жарымынан ашыгы кесилген болсо, курмандыкка чалынууга жараксыз болот. Бир кулагы тилик же жыртылган болуп, бул кулагынын жарымынын көп бөлүгүн түзсө, мындай мал да жарабайт. Ал эми жарымынан аз бөлүгүн камтыса (эн салуу сыяктуу) анда жарайт.

Бычылган же кысыр малдарды курмандыкка чалууга болобу?

—Бычылган жана кысыр малдарды курмандыкка чалууга толук болот. Курмандык чалуу үчүн бул айтылгандар эч кандай тосколдук жаратпайт.

Шүгүр курмандыгы деген эмне?

—Бир адам тилеген тилегине жетсе же башына дөөлөт кушу келип консо Аллах Таалага ыраазычылык ниетинде курмандык үчүн мал союшу шүгүр курмандыгы деп аталат. Ошол эле учурда мындай бакытка ээ болгон адам: «ушуга кол жеткизсем бир мал соём«,-деген таризде ниет кылбаган болсо, курмандык чалууга мажбур эмес.

Сайкал Илиасова

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *