Курманжан Датканы аткарган актрисанын териси рак болуп, жардамга муктаж

Кыргызстандын эл артисти Гүлайым Каниметова акчалай жардамга муктаж. Анын кесели – теринин кылкурту (рак). Бул тууралуу А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драмтеатрынан маалымдашты.

Гулайым Каниметова – КРнын эмгек сиңирген жана КР Эл артисти, убагында Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун спектаклинде Курманжан Датканын ролун аткаруу менен атагы чыккан, бир нече сыйлыктардын ээси. 50 жылдан бери театрда. Жакында эле врачтар жаман дартты диагноз кылып олтурушат, оорусу күчөп барат. Гүлайым Москвадагы клиника менен сүйлөшүп, алар жардам бере алышарын айтышкан. Кайрадан текшерилип, операциядан өтөт. Ага көптөгөн каражат кетет экен. Колунда барлар төмөнкү номур менен акча которо алышат:

Элсом мобилдик капчык – 0558822805

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *