Курсан Асановдун аялы суракка алынды

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун аялы сурак берип чыкты. Бул тууралуу Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Усенканова кечээ, 29-ноябрда Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан. Тергөөнүн купуя бойдон калышын каалап, себебин айткан жок.

Эске сала кетсек, Курсан Асанов 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен кызматынан алынган. Ал 8-августта өз ыктыяры менен колго түшүп берүү жөнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кийин дал ушул сүйлөшүүлөр үчүн кызматтан алынганы билинген. “Асанов жеке пиары үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиев менен Атамбаевдин сүйлөшүүсүнө кийлигише калганы үчүн” кызматтан алынганы айтылган.

14-августта ага карата “ээлеген кызматынан кыянатык менен пайдаланган” деген кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган.

    Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *