Курсан Асановдун иши боюнча алдын ала соттук угуу башталып, ага мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келди

Бүгүн, 14-февраль күнү Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алдын ала угуулар башталды.

Кылмыш ишинде Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу жана “Чындык” сайтынын редактору Турсунбек Бешенбеков айыпталуучу катары өтүп жатат.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук соту Дамирбека Пайзылда уулунун баш коргоо чарасын карайт.

Соттук отурумга мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келген. Сот жабык эшик артында өтөт.

Эске сала кетсек, 7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо боюнча операция жүрүп, кагылышуу болуп, аягы өлүм менен аяктаган. УКМК «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго Атамбаевдин жеке менчик снайпердик мылтыгынан ок тийип, каза болгон. 8-августта андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов Атамбаевди өз ыктыяры менен колго түшүп берүүгө көндүрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ага макул болгон мурдагы президент тарапташтары менен колго түшүп берген.

13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен Курсан Асанов кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянатык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмаз Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *