Курсан Асановдун жубайы сурак учурунда инсульт алып, реанимацияга түшкөн

Курсан Асановдун жубайы сурак учурунда инсульт алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ал 11-январда суракта болгон. Сурак учурунда анын абалы начарлап, эс-учун жоготкон.

Маалым болгондой, сурак учурунда ал жактоочусуз жүргөн. Туугандары анын катуу психологиялык кысымга туш болгон деп эсептешет.

Белгилей кетсек, УКМК чет элдик жаран А.О.нун арызы боюнча кыргыз жараны У.К.га КР Кылмыш кодексинин 204-ири суммадагы алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Курсан Асановдун аялы У.К. 2017-2018-жылдарда инвестор А.О.дон чоогу бизнес кылабыз деп $5 млн акча алып, убадасын аткарбаган жана акчаны да кайтарып берген эместиги такталган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *