Курултайдын кутун учурушту

Курултай деген жалпы элдик жыйын болуш керек эле. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда саны көп, сапаты жок партиялар жер-жерлердеги өздөрүнүн делегат-партиялаштарын чакырып алып эле, партиянын съездин курултайга айландырып, курултайдын баркын кетирүүдө. Сариев президенттикти эңсеп эйфорияга алдырып, алгачкылардан болуп аймактарды кыдырып, президенттикке баруу кыялын билдирип, партиянын 7-съездин да алгачкылардан болуп өткөрдү. Курултай эмес, съезд өткөрдү. Андан аз өтпөй “экс-республикачы”, “Тракторбек” атка конгон, экс-шефтери Бакиевдердин акчасынабы же өзүнүн “тапкан-ташыганыбы” ким билсин, айтор “Өнүгүү-Прогресс” партиясын түзө калып Бабановдон бөлүнүп чыккан Бакыт Төрөбаев да ажо болчу элем дегендердин катарын толтуруп курултай өткөрдү. Элдин эмес, партиянын атынан чыгып жаткандан кийин курултай дебей эле, съезд деп кой да. Мына кечээ жакында экс-премьер министр, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов да күздө өтчү президенттик жарышка негедир партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүп элдик курултай өткөрдү. Негедир дегеним, колунда килейген партиясы туруп, партиянын атынан чыкпай өзү чыгышы күмөн ойлорду жаратат. Эмне партиялаштарынын колдоосуна ээ боло албай калганбы? Бул эрен да курултай деп сөздүн баркын кетирди. Ээ, кокуй, Кыргызстандагы 200дөн ашуун партиянын баары эле курултай деп партиясынын мүчөлөрүн делегат кылып чакыра береби? Ар бир нерсе өз орду менен болушу керек. Кутурган партиялар курултай деп жатып улуу сөздүн баркын кетиришти.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *