Курулуш компаниялары калааны кирдетүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь районунун санитардык абалын текшерүүдө Геологический чолок көчөсү №14 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жумушчулары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы, ошондой эле 2016-жылга таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү аныкталды.

СЭИ инспекторлору тарабынан «БКС» ЖЧКсынын башкы директору Курманбаев К.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча проткол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *